Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 

XI Форум Молодого кино стран СНГ "Умут" - 2024

 

Сроки и место проведения: 28.03-01.04.24, 2024, Бишкек, Кыргызстан
Организатор: Департамент кинематографии при поддержке МФГС
Заявки для участия фильмов принимаются до 1 марта 2024 года. 
Подробнее ...
 
05.09.2011 00:00

 

Статья Темира Дюшекеева о фильме "Свет-аке"

 

Известный кыргызский кинематографист Темир Дюшекеев в одной из кыргызских газет опубликовал статью о фильме "Свет-аке" Актана Арым Кубата.


Статья назвается: ЖАРЫК НУР ЧАЧКАН СВЕТ АКЕ (Свет-аке, несущий свет).
С разрешения автора мы публикуем этот материал на кыргызском языке.
 
"Жарык нур чачкан Свет-аке", - Темир Дюшекеев:

Актан Абдыкалыков (Актан Арым Кубат) ХХI кылымдагы кыргыз киносундагы көч баштаган орошон сүрөткер деп тартынбай эле айтсак болот. Ал 10 жылда үч фильм тартты.

   Үчөө тең үч башка, бири-бирин кайталабаган фильмдер. Үчөөнүн деңгээлдери да ар башка, ар башка жанрда тартылган. Бирок үчөө тең искусство чыгармалары. Үчөө тең кинематографиянын тили менен тартылган. “Беш кемпир” фильми кыялды кытыгылап, сезимди оболоткон лиризмден байыган пластикалык чечилиштеги чыныгы поэтикалык тасма болсо, “Маймыл” фильми италиялык неореализмди кыргыз жергесине алып келип койгондой. Андре Базен италиялык неореализмди “чыныгы тиричиликтин эстетикасы” – деп атагандай, Актан да “чыныгы тиричиликтин эстетикасын” биринчи планга койгондуктан, чыныгы турмушту образдуу жалпылаштырууга жетише албай калган.
   Ал эми “Свет аке” Актандын жан дүйнөсүнүн өзгөрүшү, сапаттуулукка карай жогору жүрүшү. Сүрөткер катары поэтикалык символдордон мүнөздөрдү ачып берүүгө, адамдын сырткы кыймыл-аракети менен ички ой толгоосунун жуурулушун изилдөөгө өткөн.
Фильм эмне жөнүндө? Бир сєз менен айтып бере албайсың. Анткени башынан аягына чейин чырмалган фабула жок. Болгону Свет аке аттуу электромонтердун күнүмдүк тиричилиги көрсөтүлгөндөй. Окуя да кооздолбогон жупуну сыяктуу көрүнгөн элеттик айылда өтөт.
Фильмде күнүмдүк тиричилик, жөнөкөй жашоо турмуш дал өзүндөй, натурализмге жакын көрсөтүлгөн. Режиссер Белинскийдин “Биз искусстводон турмуштун идеалын эмес, турмуштун өзү кандай болсо дал ошондой чагылдырууну талап кылабыз” – деген сөзүн ишке ашыргандай. Бирок фильмдеги тиричиликти баса көрсөтүү Актан үчүн фильмдин каарманы Свет акенин сезиминдеги поэтикалык дүйнөсүнө, анын ой жоруусуна, ой-тилегине сүңгүп кирүү үчүн керек болгон. Анткени Свет акенин мүнөзү, жан дүйнөсү ошол жөнөкөй тиричиликтеги көрүнүштөргө болгон мамилеси аркылуу ачылат. Кинематографта “Достоверная образность” деген термин бар. Аны кыргызчалаганда маанисин жоготуп коёт. Свет акенин турпаты менен ички дүйнөсүн толук ачып берүү үчүн режиссер жупуну көр тирликтеги “достоверная образностту” курал катары өтө ийгиликтүү колдонгон.
   Көрүүчүлөрдүн бир даары элет жери, Свет акенин үй турмушу өтө эле жупуну көрсөтүлгөн деп нааразы болуп жүрүшөт. Алар италиялык неореализмдеги кедейликти көзгө басып көрсөткөнүн, Акира Куросаванын “Додоскеден” (Биздеги прокатта “Под стук трамвайных колёс”) деген фильминдеги жүрөк үшүткөн жакырлыкты ойлоруна алышпайт. Ошол кедейчиликтен, жокчулуктан конфликт келип чыкканына түшүнө беришпейт.
   Ырас, бир учурда кыргыз киносунда да турмушту лакировкалоо үстөмдүк кылган фильмдер болгон. Мисалы “Көчө”, “Айсулуунун талаасы” өңдүү тасмаларда турмушту кооздоп көрсөтүп, орустардын ылакап сөзүндөй “Петёмкинские деревни” курушкан. Бирок алар ошол фильмдердин идеологиялык багытына байланган пропагандалык стилине жараша болчу.
Ал эми “Свет аке” фильминин стилистикасы башка. Бул биринчиден. Экинчиден, Актан сүрөткер катары ыйманын жеп жалгандыкка бара алган эмес. Үчүнчүдөн, экрандагы турмуш, тиричилик чындыгы фильмдеги образдуулуктун башаты. Чындыктан качып, Свет акенин үй турмушун кооздоп көрсөткөндө көөнөргөн көк көйнөккө кырмызыдан жамап койгондой көрүнүп, фильмдеги жалпы образдуулуктук биримдиги бузулмак.
   Фильм шашылбаган баяндоо түрүндө. Пластикасы да көрүүчүнү түз эле бетке чаппастан, акырындык менен байкалбай кадрдын, эпизоддун чечилишиндеги негизги каражат. Бул пластикалык концепция режиссердун оюна байланган сюжеттик өнүгүүдөн келип чыгат.
Мизанкадрларда атайы жасалган композициялык шөкөттөр жок – бардыгы турмуштагыдай жөнөкөй. Мизансцена персонаждардын бири-бири менен болгон байланышынын натыйжасындагы табийгый көрүнүш сыяктуу.
Өзүн-өзү чектөөдөн, сараңдык менен пайдалангандыктан жарыктын куюлушунун, түстүн бутага түз тийген акценти, сезимди козгогон жарыктын куюлушу менен түстүк драматургия жаралат. Жарыктын куюлушу менен түстүк чагылдыруу көзгө түз эле урунбай кадимки турмуштагыдай табийгый. Режиссер көркөмдүк каражаттарды, ыкмаларды жашыргандай туюлат. А чынында бул режиссерлук өнөрдүн туу чокусу, көркөм образдуулуктун ачкычы.
   Кинонун көркөмдүк каражаттарын сараңдык менен пайдаланып, Актан күнүмдук турмушту көрсөтүүдөн зор маанилүү мазмуунду таап, күнүмдүк тиричиликтен чыңалган драматургияны жаратат. Бул Актандын режиссер катары учурдагы кинематография тилинин бийик маданиятына ээ экендигинин далили.
   Буга чейин Актан фильмдериндеги кейипкерлерди чагылдырууда типаждарга таянып, кейипкерлердин кулк-мүнөзүнө, ошол кулк-мүнөздөрдүн кагылышына басым жасабай, чыгарманын угуту да, уюткусу да негизинен пластикалык чечилиште болсо, “Свет аке” тасмасында мүнөздордүн ачылышына басым жасап, чыныгы актердук чыгармага єткєн. Демек, єзїнїн сүрөткерлик оюн да актерлордун оюну аркылуу берген. Албетте, бул ыкма татаалыраак. Анткени пластикалык чечилиштеги тасмада оператор менен гана ойлору ортоктош болсо, актерлук фильмде режиссер өзүнүн оюн, көркөмдүк туюмун, дүйнөгө көз карашын актерлорго толук жеткирип, актерлор да ошол түшүнүктөрдү ой-сезимине сиңирип, тартылуу убагында ошол учурдагы өзүнүн гана көөдөнүнөн чыккан сезим сыяктуу берүүлөрү керек.
   Тасмада чыныгы мүнздөрдүн ачылышы, толкуган сезимдердин ачылышы, терең адамгерчиликтин башаты бар.
Фильмдеги кейипкерлердин ролдорун аткарышкан актерлор режиссердун ой учугуна ортоктош болушуп, өздөрүнүн кейипкерлеринин психологиялык абалдарын, мүнөздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн жана ошол мүнөз өзгөчөлүктөрүнүн себептерин толук ачып бере алышкан.
Таалайкан Абазова Свет акенин жубайы Берметтин мээримдүүлүк жүзүнєн чачыраган, Свет акеге нааразы болгон учурда да келбетинен жылуулук сезилген, элдин, эл ичиндеги үй-бүлєөсүнүн эсендигин тилеген, кыйынчылыкты келечекке болгон ишеними менен жеңе билген образын таасын ачып берген. Анын ар бир кєз карашынын, ар бир кыймылынын тактагынан, ишенимдүүлүгүнөн көрүучү экранды карап олтурбай эле ошол Берметтин турмушуна күбө болгондой абалга келет. Абазованын Бермети азыркы элеттик кыргыз аялынын образы.
   Аскат Сулайманов өзүнүн кейипкери Бекзаттын мүнөзүн бир калыпта эмес, ар кыл жагдайга карата өзгөрүлүп турган татаал образын жаратууга жетишкен. Анын Бекзаты жашоо-турмушту жакшы билет. Бекзат күжүрмөн, максатына кандай жетүүнү билет. Кай бир учурда берешен да, адамдардын сөзүн да уга билет. Турмушту оңдоонун да жолун билет. Бирок өз көмөчүнө кул тарткандык оорусу күч болгондуктан бүт тулку бою озүмчүлдүктүн сазына батып, өзүнүн карасанатай максатына жетүү үчүн адамгерчиликти тебелеп-тепсеп, керек болсо адам өлтүрүү кылмышынан да кайра тартпайт. Сулайманов көптөгөн фильмдерге тартылып келет. Ал фильмдерде ал аткарган кейипкерлер турмуштагыдай ишенимдүү болсо да Бекзаттын образындай ички дүйнөсү түп тамырынан бери аңтарыла ачылган эмес. Бекзат Сулаймановдун киноактерлук жолундагы чоң жеңиши. Ал каармандардын кулк-мүнөзүн, жагдайга жараша психологиялык акыбалын чебер берээр артисттик даражага жеткенин, кандай гана драматургиялык чиеленген образ болбосун ийине жеткире аткара алаарын далилдей алган.
   Актерлук фильмге киришүү менен Актан көнүмүш болгон типажга таянуусун да улантып, чыгармадагы негизги каармандардын бири болгон Мансурдун ролун типаж Станбек Койчубаевге ишенип берген экен. Бирок типаж пластикалык чечилиштеги фильмдерде өз ролун аткара алса, актерлук фильмде типаж режиссердун көксөгөн оюна барабар образды жарата албайт. Ошон үчүн Мансурдун кулк-мүнөзү, психологиялык акыбалы ачылаар эпизод – Мансурдун аялынын ажырашалы деген каты окулган эпизоддо Мансурдун ири планы жок. Негизинен жалпы план менен тартылат да, орто план менен ошол психологиялык акыбалдын ишаараты болгон кыймыл-аракет берилген. Эмнени ойлоп, кайсы санаага батып атканын билдирип тураар эки көз. Көздөрдүн ири планы болбогон соң көрүүчүлөр да Мансурдун күйүтүнө ортоктош боло албайт. Тескерисинче комедиялык көрүнуштүн жыты сезилип, көрүүчү Мансурдун күйүтүн кайдыгер кабыл алат.
Ал эми Актандын өзү жараткан Свет акенин образы кыргыз киносундагы көрүүчүнүн коңүлүндө калып, жүрөгүнөн орун тапкан Бакай, Жарасбай, Бахтыгүл, Ахангул, Карабалта сыяктуу образдар галереясынан орун алат деп тайманбай эле айтсак болот.
   Актан образды жаратууда Свет акенин жан дүйнөсүнө өтүүгө аракет кылганы турган иш, бирок эң негизгиси ал образды жаратууда өзүнүн сырткы жана ички фактураларын пайдаланган.
   Күнүмдүк турмушта Свет аке өтүмсүз, мокок сыяктуу, өзүн өзү ишенбеген сыяктуу көрүнөт. Ал “колуман келет” дейт да, ал сөздөн коркуп кеткенсип, “колуман келет болушу керек” – дейт. “Болушу керек” деген уяң сөз анын лексикасы. Ооба, ал тиричиликте момун, анын жүрөгү ишенчээк, Свет аке жандуу, татаал жөнөкөйлүктүн артында көп кырлуу чыныгы турмуштан калпып алынган реалдуу адам.
Актан свет акенин жан дүйнөсүнун акыбалын ачып берет. Мындай сезимтал жан дүйө өкүнүчкө, өксүүгө, күйүткө тез кабылат. Фильмде чанда учуроочу турмуштагыдай деталдар менен өксүүгө тез кабылчу, ишенчээк, момун адамдын образы акыр аягына чейин даана ачылган.
   Бирок канчалык жоош болсо да Свет акеде керек учурда чечкиндүүлүк жетишет. Ал өзнүн чындыгы үчүн, өзү билген адамгерчилиги үчүн, кыргыз эли миңдеген жылдар бою электен өткөрүп, жакшысын мурас кылып өткөруп келген адеп-ахлактын тазалыгы үчн күчтүн тең эместигине карабай өмүрүн тобокелге салып, чечкиндүүлүкө барат.
   Свет аке турмушка эби жок, сөзгө да эби жок, мокок адам көрүнсө да ич дүйнөсүндө поэтика уялаган жаран. Анын көл өрөөнүн жел станциялар менен жарык кылуу кыялы, теректин башына чыгып, түшкөндөн корккон баланы алып түшүүгө чыккандыгы “Мен дагы бала кезимде бул тоонун ары жагында эмне бар экенин көргүм келчү – деген сөзү бала сындуу столбаны тыўшаганы поэтикалык учкундардан кабар берип атпайбы.
   Свет аке сыртынан сымбаты аз, көпчүлүк анча деле капар албаган, үй турмушунда жүдөө, момундукка жамынса да чыныгы – бийик десе бийик, улуу десе улуу адамгерчиликтин үлгүсү. Финалдык эпизоддордо биз Свет акенин жүрөк сезиминин тазалыгына, адеп-ахлактын тазалыгы үчүн майтарылгыс кайратына, ошол тазалык үчүн эч нерседен кайра тартпас көкжалдыгына күбө болобуз. Бул кайраттын, көк жалдыктын башаты Свет акенин кыргыз элине, анын бүгүнкү күндөгү салт-санаасына, эртеңки күнүнө терең ишенгенинде.
Свет акеде образдын ачылышына, учурдагы жан дүйнөсүнүн акыбалынын ачылышына тоскоол болоор бир да ашыкча кыймыл-аракет, маанилүү кылып көрсөтүүгө аракеттенген бир да жалган көз караш, мимика жок. Бардыгы өз ордунда, бардыгы турмуштагыдай.
   Актан жан дүйнөсүнүн негизи – тазалык, акыйкаттык, жөнөкөйлүк, назиктик, ошол эле учурда майтарылбас эрки бар Свет акенин образын ушунчалык реалдуулук менен аткарып, ал сүрөткер режиссер эле эмес, чиеленген психологичлык сезимдерди алып чыгаар чебер актер экендигин да далилдей алган. Анын да себеби бар. Себеби Актан свет аке аркылуу учурдагы өзүнүн ой толгоосун, дүйнөгө көз карашын берген. Фильмде режиссер катары да, актёр катары да Актандын жрөк согушу байкалып турат. Ошол жүрөк согушу, ой-санаасы тасмага ичкериден жылуулук берип, ал жылуулук көрүүчүнүн сезимине да таасир эткенсийт.
   Бир караганда фильмде пластикалык чагылдырып берүү актерлук таасирлүү оюнга басылып калгандай көрүнөт. Бирок, чынында андай эмес. “Беш кемпир” фильминде пластика негизги каражат болсо, “Свет акеде” эпизоддун мазмуунунан өсүп чыгат. Мисалы, Свет акени милиция алып кеткенден кийин Бермет велосипедди жетелеп келаткан кадрдагы жылаңач дарактар, чөп өспөгөн жайдак жер Берметтин учурдагы психологиялык абалын чагылдырат. Ал эми свет аке киринип бүткөндөн кийинки ала кийиздин түстүк көркөм гармония жараткан кадры Свет аке менен Берметтин бири-бирине болгон назик, жылуу мамилелеринин гармониясынын кабары. Демек, ар бир кадрдагы пластикалык чечилиш каармандардын учурдагы сезимдерин көрсөтүүчү каражат, образдуулук менен ой жүгүртүүнүн белгиси.
   Фильм шашылбаган баяндоо ыкмасында тартылса да ар кыл жанрлык формалар билгичтик менен жик билинбей аралашкандыктан тасманын курулушу эклектикалык көрүнүшкө алып келбейт. Экрандагы тиричилик, юмор, лиризм, трагедия дал турмуштун өзүндөгүдүй камыр-жумур жуурулушуп, гармонияны жаратат.
   Фильмдеги жумшак юмор атайын уюштурулган экцентрикалык жагдайдан эмес, турмуштун өзүнөн үзүп алгандай, турмуш чындыгынын жыты жыттанган адамдардын мүнөздөрүнүн айкалыштарынан келип чыгат. Мисалы Бермет Свет акени кириндиргени, Свет акенин Мансурга уул төрөтүп бер деген эпизоду.
   Фильмде лиризм да терең катылган. Кыздары менен курут жасап олтурган Берметтин ыры, тоолордун панорамасы, теректердин шуулдаганы ж.б. лиризм эмей эмне?!
   Тасмада мурдатан Актандын негизги кинематографиялык кредосу болгон чыныгы поэтикалык-платикалык эпизоддор да бар. Эсен менен Свет акенин суунун жээгинде арак ичип олтурушкан эпизодду алалы. Алар сүйшүп олтурушат. Бирок экрандан алардын жүзүн көрбөйбүз. Камера үстүртөн алынып, жай аккан сууну карап олтурушкан экөөнү арка жагынан чагылдырган. Свет аке: “Мен шаарга кетсемби?” – дейт.
   Эсен: “Мен деле кетсем болмок. Баарыбыз кетсек бу айылда ким калат?” – дейт.
Суу болсо туптунук түрдө шашылбай ага берет. Бул кадрдагы тынбай аккан тунук суу Свет акедей, Эсендей адамдар кыргыз элинин тазалыгын сактап келген, суу нугунан чыгып кетпегендей эле Свет аке менен Эсен өз айылынан эч жакка кетпейт, суу өмүр булагы болгон сыяктуу Свет аке менен Эсен элет булагы, демек кыргыз элинин булагы, андай адамдар барда кыргыз эли суунун агымындай улана берет, адеп-ахлагы да суудай тунук болот деген философиялык бүтүм өзүнөн-өзү жаралат.
   Свет аке менен Берметтин жел кыймылдаткычтын жанында максым ичип аткан эпизоддогу Бекзат кунарсыз деген тоолордун көркөм көрүнүшүнө жуурулушкан Свет акеден Берметке, Берметтен Свет акеге өткөн жылуулуктун көрүнүшү чыныгы поэзия болуп атпайбы.
Фильмде деталдар кєп. Алар адаттагыдай монтаждоо үчүн гана тартылган перебивкалар эмес, ал деталдардын ар биринин мааниси бар. Маселен, электромонтердун темир тырмагынын чайпалышы учурдагы Свет акенин тагдырынын чайпалып турушун кабарласа, байлоодо жем-чөпсүз окуранган кара ат Мансурдун көөдөнүнүн көңдөй калгандыгынан кабар берет. Ал эми Свет аке менен Бермет максым ичип аткандагы бири-бирине тийип качып ойношкон канаттуулар Свет аке менен Берметтин ысык мамилелеринин чабарманы. Кара мышыктын чымчыкты аңдып, баса калууга даярданганы кара күчтүн ак дилдөөгө же, Бекзат сыяктуулардын кылга кыянаттыгы жок Свет акеге жабыр көрсөтүүгө даяр экенине аян.
   Свет акенин кызы сүзмөгө чыланган колун айнекке басып алакандын изин калтырган кадрдан кыргыздын жыты жыттанса, Эсендин кара ашында колдон колго сунулган чыны кыргыз элинин биримдигине чыйыр салаар каражат болуп келгенин көрсөтөт. Эми мындай ойго байыган, мааниси зор деталдар кєп. Баамы күчтүү окуучулар фильмди кайталап көрүшкөндө өздөрү эле таап алышат.
   Фильмде жалган проблема, жалган кагылышуу жок. Тасмадагы кагылышуу адамдардын карым-катнашынан, мүнөздөрдүн келишпестигинен келип чыгат. Адилеттикти, тазалыкты туу туткан агеден Свет аке менен өзүнүн кызыкчылыгы үчүн элин, жерин сатканга даяр, сатып да жаткан Бекзат келише алмак эмес. Алар сыйынышкан ыйыктыктар ар башка. Свет аке үчүн элдин каада-салты, адеп-ахлагы ыйык болсо, Бекзат үчүн ыйык нерсе акча, байлык, бийлик. Фильмдеги кагылыш авторлордун ойлоп чыгарышканы эмес – бул учурдагы жергебиздеги реалий көрүнүш.
   Авторлор Бекзаттын карөзгөйлүгү, жийиркеничтүү жоруктары, улуттук үрп-адатты уруп ойнобогон цинизми аркылуу Свет акенин кир жукпас тазалыгын, Свет акедей адамдар болгон үчүн кыргыз эли миңдеген жылдар бою кумга сиңген суудай жок болуп кетпей элдигин сактап келгенин, Свет акедей адамдар барда дагы да миңдеген жылдар жашай берээрин көрсөтүшкөн.
   Операторлук эмгек да (Хасан Кыдыралиев) эң жогорку чыгармачыл деңгээлде. “Беш кемпир” фильминен кийин чагылдырып көрсөтүүдө мындай так, даана операторлук устаттык кыргыз киносунда болгон эмес. Хасан баш айланткан ракурстарга таянбай, каармандын психологиялык абалынын ачылышын шарт түзөөр ракурстарды түзөт. Ал актерлордун эркин ойношу үчүн мейкиндикти кенен берет. Композициялык түзүлүш да дал ошол каармандын психологиялык абалына, анын өнүгүшүнө карай түзүлөт. Каармандын учурдагы эмоциялык абалына карата жарык менен түстүн гаммасын ыгы менен колдонот. Бир да кадрда ашыкча, же, кем жарыктын куюлушу, түстүн спектри жок. Бардыгы ордунда, бардыгы кадрдагы ойго байланган, ошол ойду ачып берүүчү негизги каражаттардын бири. Бирок ар бир кадрда, а түгүл тиричиликти кєрсєткєн прозалык кадрда да абанын куюлушу сезилип турат. Кай бир учурда режиссерлук ойго жараша чыныгы поэзия болгон кадрларды жаратат. Поезд жүрүп бараткандагы тоонун кєркєм көрүнүшүн чагылдырган перебивкалык план, Эсен менен Свет акенин фонундагы суунун агымы (бул кадрдагы ракурс да операторлук табылга экенин айта кетели), дарактардын удургушу, свет аке менен Бермет максым ичип атышкандагы жарык менен көлөкөгө жуурула чөгүп жаткан тоо, кадрдагы көз көрунө жарыктын кубула куюлушу – бул кадрларды оператор оз сезиминен өткөрүп берет.
   “Мен натураны тартпайм, мен натура менен ойлоном” – деп Пикассо жазгандай Хасан натура менен ойлоноорун, образдуулук менен ойлоноорун өтө бийик сүрөткерлик операторлук эмгеги менен далилдеген.
   “Кой аксагы менен миң” – дегендей, Хасандын да көрүүчүлөрдү өксүткөн бир кадры бар. Ал Свет аке токко урунгандан кийин эсине келип, көзүн ачканда маңдайында карап турган Сейилди көргөзгөн кадр. Кадрдан биз иңирге чүмкөнгөн 2-3 адамды, ортосундагы бир аялды көрөбүз. Катардагы эле прозалык көрүнүш. Ал кадр Свет акенин эмоциясына да, көрүүчгө да таасир бербейт. Деги эле ушул кадр керек беле деген ой көрүчүдө пайда болбой койбойт. А чынында ийине келтириле иштелип чыккан кадр болгондо, жүзүнөн нур чачырап, айланасына шоола чачкан жомоктогу перинин кызындай аруу жан сыяктуу реалдуу эмес, мираж сыяктуу болгондо Свет акенин поэтикалык жан дүйнөсун ачып берүүчү каражат болмок. Анткени Сейил Свет акенин аруу кыялы, Свет аке үчүн ал пакизалыктын, тазалыктын символу. Төө чечмейден кийин өзүнүн таза деп жүргөнү ыплас экендигин көргөндөн кийин аруу кыялы быркырап, көөдөнү ээн калып атпайбы. Свет акенин чечкиндүүлүгүнүн, кайратынын, эмоциялык жарылышынын себебинин бири дал ошол поэтикалык сюрреалисттик кадр болуп, режиссердук ойдун чечилишине өбөлгө түзүп, көрүүчүлөрдүн омоктуу ойду түшүнө билүүсүнө көмөк болмок.
   Фильмде үндүк-добуштук партитура да жогорку деңгээлде экенин айта кетишибиз керек. Кыргыз киносунда “Ак кеме” фильминен кийин эле сүрөткерлик менен иштелип чыккан үндүк-добуштук партитура ушул “Свет акеде”. “Ак кеме” фильминин үндүк-добуштук чечилиши орошон композитор А.Шниткенин музыкалык-добуштук чечимине байланыштуу болсо, “Свет аке” фильминде жалаң гана табийгый добуштардан үндүк-добуштук драматургияны жаратышкан. Бул фильмдин н оператору Бакыт Ниязалиевдин, ага ошондой тапшырма берген Актандын зор жеңиштери. Барлык кадрларда эмоциялык абалдарга карата табийгый добуштарды бап келтире таба алышкан. Ошон үчүн фильмге таза музыканын кереги жоктой. Фильмде аз болсо да музыка бар. Бирок ал чечүүчү ролду ойнобойт. Менин оюмча фильмдин композиторун чет өлкөлүк продюсерлер таңууласа керек.
   Көпчүлүк көрүүчүлөр фильмди жылуу кабыл алышса да алардын бир даары тасмадагы эшектерге, төө чечмейге нааразы. Коомдогу социалдык абалдарына, турмуштук тажрыйбаларына, билим деңгээлине жараша көрүүчүлөрдүн эстетикалык сезимдери ар башка. Кай бирөө көркөмдүк каражатты түшүнө билсе, кай биринин дегеле түшүнүгү жок.
   Фильмдин образдык тили көрүүчүнүн ой сезимине, ички боор толгоосуна багышталган. Кай бири жүрөгү менен кабыл алат. Алар “Свет аке” тасмасы боюнча көбүрөөк, кай бири ой сезими менен кабыл алат. Алар азыраак. Ал эми ой сезими менен да, боор толгоосу менен да кабыл алгандар, дискуссия көрсөткөндөй, ой сезими менен кабыл алгандардан да аз экен.
   Ошон үчүн көркөмдук табити өсүп жетиле элек көрүүчүлөргө бир аз да болсо түшүнүк берип кетсек артык баштык болбос.
Эшектер – бул кино тилиндеги метафора. Пластикалык чечилиштеги фильмдердин негизги каражаттарынын бири. “Свет аке” поэтикалык фильм болбосо да эшектердин параллель монтажы кыт куйгандай өз ордунда. Эшектер азыркы карызга белчесинен батып, жардылыктан чыга албай жаткан элдин турмушунун көрүнүшү. Миллионго жакын жарандарыбыз көрүнгөн жерде тентип, ар кимге кул-күң болуп жүргөнү, көпкөн казактар “кыргыз кул сатам” деп кулактандыруу бергени, элет жеринде негизги тамак шекери жок чай менен нан болгону, эл мүлкүн уурдап алган бир ууч шылуундар байлыгына көөп, саунага, казиного бир түндө он миңдеген долларларды таштап атканы, “кедейдин бир тойгону орто байыганы” – дегендей бир сөөккө, анча-мынча тыйынга сатылып, депутаттыкка жалаң ууру-кескилерди шайлап атканыбыз жалганбы?
   Ал эми төо чечмей оюнунун ыпластыгы чындык. Ал оюнду кылаарга иши жок, байлыгына манчыркаган куу чирендер жарды-жалчыларды мазактоодон ыракат алуу үчүн чыгарышкан. Аны азыркы шылуундар улантышууда. Ал төө чечмейди экранга атайын алып чыккан режиссер эмес. Аны уюштурган кытайлардын кызыл акчасына кызыккан Бекзат. Ал эми авторлор чыныгы реалисттик сүрөткерлер катары калп эле уялымыш болуп камеранын объектисин башка жакка буруп кетише алмак эмес. Ошон үчүн биз ыплас төө чечмейди көрсөтөсүң деп режиссерду эмес, аны уюштурган Бекзатты күнөөлөшүбүз керек. Бекзатты да авторлор ойлоп чыгарышкан эмес. Биздин жамы журтка белгилүү, өлкөбүздөгу үч бийликтин бир тизгинин чоюп келген саясатчыбыз дырдай жылаңач болуп, энеден туума аялды кубалап жүргөнү КТРдин каналында көрсөтүлүп, интернетте порнографиялык хит болуп жүргөнү кашкайган чындык эмеспи.
  
   Б.Сарногоевдин “Ак калпак” китебинде:
 
Магдырай түштү боз айгыр,
Байталдын жалын жазданып – деген ыр саптары бар. Кийин ал ыр бир да китебине кирген жок.
Фильмдеги эркек эшектин ургаачы эшектин жалын жазданууга аракети бир караганда олдоксон сыяктуу көзгө өөн учурайт. Бирок ал метафора эле эмес, төө чечмей эпизодунун прелюдиясы, ошол эпизоддун антитезаси. Анткени эшектердин аракети табийгый, ал эми Бекзат уюштурган оюн табийгый эмес, адамзатка тиешелүү табийгый сырды ыпластык менен булгоо. Демек Бакзаттын турмуштагы кредосуна караганда эшектердин жашоосу табийгый да, тазараак да.
  
   Жашоо-турмуштагы тажрыйбасы аз жаштарды түшүнсөк болот. Бирок искусство тууралуу, анын тили, чагылдырып берүү каражаттары тууралуу кыпындай түшүнүгү жок туруп, акылмандыктын ажосу сыяктуу фильмге сын айткандарга түшүнбөйсүң. Маселен, Германияда жашаган бир кыргыз ашпоз “Свет аке” фильмине карата өзүнүн терс пикирин билдирип, “көргөнү баргандар фильм аягына чыга электе чыгып кетишти” – деп жазат. Эми ашпозчунун жолдошторунун деңгээли да ашпозчудай да. Ошон үчүн ага таң калбай деле койсок болот. Чыгарма тууралуу өз оюн айтууга ар кимдин укугу бар. Бирок, өзүнүн чолок оюн чындыктын жеткен чеги катары акыл үйрөтүү көөдөнү тайкылыктын белгиси экенин билип коюшубуз керек.
   Ушул жерден Мартирос Сарьяндын бир жазганын келтире кетүү ылайыктуу болуп турат. “У профана один ключ к произведению искусства: “Я этого не понимаю, значит это плохо”. А может быть, наоборот, плохо, что ты не понимаешь. Никогда не надо гордиться собственным невежеством или необразованностью. Пока человек жив, он способен духовно расти. А искусство помогает этому росту”.
Атактуу сүрөтчүнүн сөзүндєй жаштардын көркөмдүк табитинин өсүшүнө искусство жардам берээр. Ал эми ашпозчуга эч ким, эч нерсе жардам бере албас.
   Бул дискуссиянын болушу режиссёрдун жеңиштеринин бири. Анткени фильмдин сырткы катмарындагы “кыргыз эли жакырчылыктан кантип кутулабыз, улуттун жок болуп кетпеши үчүн улуттук адеп-ахлакты кантип сактап калабыз?” – деген ой толгоосу ар бир көрүүчүнү кайдыгер калтырбай, кай бири түшүнүү менен, кай бири анча түшүнө бербей ойго батышат.
  
   Байдыкеңин “Ак калпагындагы” айтылган ырга карата Т.Мамеевдин төмөнкүдөй ыры бар:
 
Байдылда жазган “Ак калпак”
Баарыбызга чак калпак.
Эң сонун китеп деп жүрсөм
Бээ сааган жеңем баш чайкап.
 
   Анын сыңарындай “төө чечмей” эпизодунда баш чайкаар жери бар. Кыргызча вариантында Сейилдин төш боркогун алганда эле Свет аке атылса болмок. Болгону 2 метр кыскармак. Андан фильм кемип калмак эмес. Ал эми нудисттик коому, нудисттик пляждары бар европалыктар үчүн дырдай жылаңач чечинүү кадыресе эле көрүнүш.
   Фильмдин авторлору – сценарийин жазгандар Т.Ибраимов (сценарийдин башаты болгон либретто Талипке таандык) менен Актан, режиссеру Актан, оператору Хасан кубулуштун, көрүнүштүн социалдык белгилерин изилдөө аркылуу коом менен жеке адамдын социалдык жана психологиялык байланышы тууралуу ой толгошот. Ал ой толгоолор көпчүлүктүн сезимине жеткенин дискуссиялар далилдеп атпайбы.
   Свет аке нака кыргыздын гана менталитетинен өнүп чыккан кейипкердей көрүнөт. Бирок фильмдин көптөгөн фестивалдарда байгелерди жеңип алышы чыгармада жеке инсандык планда да, социалдык планда да жалпы адамзаттык проблема көтөрүлгөнүн айгинелейт.
   Сыртынан өтө жөнокөй, бирок ичинен рухий нур чачкан фильм жупуну болсо да адемгерчиликти, улуттук адеп-ахлакты, тазалыкты туу туткан элеттик адам тууралуу баллада. Фильмдин аягы трагедия менен бүтсө да, ал трагедия көрүүчүнүн жүрөгүн канталатып кетсе да көрүүчү көркөм дүйнөгө кабылгандай сезим менен чыгат. Анткени жел кыймылдаткычтан чыккан токтун лампочканы күйгүзгөнү жашоонун өлүмдү жеңиши.

 

   Темир Дүйшекеев

    0773 36 99 35