Фестивали: подача заявок

Заявители проектов на участие в альманахе "Мой Айтматов", приглашаются в Дом Кино

 

День и время встречи: 16.07.2026 в 12:00 полдень
Место встречи: Дом кино, Логвиненко, 13, Бишкек
Подробнее ...
 

Открылся приём заявок для создания альманаха "Мой Айтматов", посвящённый 100-летию писателя

 

К конкурсу приглашаются молодые кыргызские режиссёры: примите участие в создании киноальманаха "Мой Айтматов", который будет состоять из 10 новелл по 10 минут каждая.

Подробнее ...
 

Второй МКФ Молодых кинематографистов "Сулайман-Тоо" начал приём заявок

 

Сроки и место проведения: 07-09.10.2026, Ош, Кыргызстан
Приём заявок: с 02.06 по 15.08.2026 
Подробнее ...
 
08.10.2025 00:00

«Кыргызфильм» «Жусуп» аталышындагы тарыхый-драмалык  көркөм фильмин өндүрүшкө жиберди

 

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы,«Жусуп» аталышындагы тарыхый-драмалык көркөм фильмин өндүрүшкө жиберди

 

Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы ХХ кылымдагы Кыргызстандын тарыхында терең из калтырган улуу инсан — журт атасы, мамлекетти түптөөчүлөрдүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүр жолу менен мурасына арналган «Жусуп» аттуу тарыхый-драмалык толук метраждуу көркөм фильмин өндүрүшкө жиберди.

 

Бул фильм Жусуп Абдырахмановдун татаал тагдыры жана улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү анын чечүүчү ролу тууралуу баяндалмакчы. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгү үчүн күрөшкөн, элдин келечеги үчүн өмүрүн арнаган чыгаан саясатчы улуу инсандын тагдыры аркылуу улуттук тарыхыбыздын маанилүү барактарын кайрадан эске салууну жана жаңы муунга мекенчилдик рухун жеткирүүнү максат кылмакчы.

 

Жусуп Абдырахманов

 

Аталган ири тарыхый фильмдин режиссёру, Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстандын кинематографисттер уюмунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев.

 

Учурда фильмдин режиссёрдук талдоо мөөнөтү толук аякталып, тартууга чейинки даярдык көрүү мөөнөтүнө киришти. Фильмдин коючу-тобу, башкы жана экинчи пландагы ролдорго кастинг жарыялап, тартуу локацияларын аныктоо үстүндө иш алып барууда.

 

Фильмдин тартуу иштери Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында, ошондой эле Кыргызстандын бир катар облустарында жүргүзүлмөкчү.

 

Фильмдин улуттук бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген. Бул дата Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине, ошондой эле улуу мамлекеттик ишмер, журт атасы Жусуп Абдырахмановдун туулгандыгынын 125 жылдык мааракесине арналмакчы.