| 03.07.2025 00:00 |
|
Alternativa приглашает принять участие в кинолаборатории Impact Distribution Lab
Крайний срок: 30.09.2025 Заявляйте Ваши проекты!
Alternativa приглашает кинопродюсеров и активистов из Центральной Азии принять участие в кинолаборатории Impact Distribution Lab
Alternativa Борбор Азиялык кинопродюсер жана активисттерди Impact Distribution Lab кинолабораториясына катышууга чакырат
Impact Distribution Lab — новая кинолаборатория проекта Alternativa долбоорунун жаңы кинолабораториясы. Аталган кинолаборатория inDrive’тын колдоосу менен 2025-жылдын аягында онлайн өткөрүлөт. Анын программасы импакт-дистрибуцияга, т.а. коомдо позитивдүү өзгөрүүлөргө өбөлгө түзгөн социалдык мааниге ээ тасмаларды таанытуу жана жайылтууга арналган. Лабораторияга Борбор Азиялык кинопродюсер жана активисттер катыша алат. Эл аралык эксперттердин жетекчилиги астында алар өз тасмаларын таанытуу үчүн даяр импакт-стратегияларды иштеп чыгышат; келечектен үмүттөндүргөн долбоорлор консультациялык колдоого ээ болушат. Impact Distribution Lab’га кабыл алуу ачык. Кабыл алуулар 2025-жылдын 30-сентябрына чейин уланат. Программага катышуу акысыз.
Impact Distribution Lab лабораториясы импакт-дистрибуцияда жаңы ыкмаларды издөө жана ишке ашыруу үчүн түзүлгөн. Импакт-дистрибуциянын стратегиялары көрсөтүү жана талкууларды уюштуруу, тасмада көтөрүлгөн көйгөйлөрдү кеңири талкуулоо жана көрүүчүлөрдү реалдуу иш-аракет жасоого шыктандыруу үчүн уюмдар, активисттер жана өнөктөштөр менен иштешүүнү камтыйт. Лабораторияда импакт жана тасмаларды алдыга жылдыруу боюнча эл аралык таанылган адистер устат болушат. Алардын ичинен “Эмми” сыйлыгына талапкер, документалдык тасмалардын продюсери Кара Магсанок-Аликпала (Филиппиндер) жана FilmAid эл аралык гуманитардык уюмунун директору Гита Саэди Килини (АКШ) баса белгилейбиз. Иш-чара англис тилинде өтөт. Теориялык курсу күзүндө онлайн форматта өтөт. Ал эми практикалык модулдун өтүүчү жери тууралуу кошумча маалымат берилет.
«Кинотасма - экологиядан адам укуктарына, инклюзиядан сөз эркиндигине чейин коом үчүн маанилүү маселелер боюнча баарлашууну баштоо үчүн эң сонун курал. Кино адамдарды белгисиз дүйнө, аймактар, маданияттар жана окуяларга саякатка алып баруучу күчкө ээ. Кино - бул эмоцияларды, ал тургай ичиңе каткан сезимдерди ойгото турган, ойлонууга, сезүүгө, эң негизгиси аракет жасоого түрткөн искусство. Ошол эле учурда социалдык мааниге ээ фильмдердин көрүүчүлөрү аз болушу мүмкүн. Болбосо дал ушундай тасмалар реалдуулукка таасир этип, чечим кабыл ала тургандарды ынандырып, аларды аракет жасоого, жалпысынан жашоону жакшы нукка бурганга себепчи боло алат. Дал учурда дүйнө адилеттүүлүктү жана инсандык баалуулуктарды коргоого, келечек муун, өлкөлөр менен коомчулуктардын ынтымагын бекемдөөнүн жаңы жолдорун издеген активдүү адамдарга муктаж. Биз, дал ушундай инсандар үчүн Impact Distribution Lab”ты уюштурганбыз» - дейт Industry & Labs в Alternativa багытынын башчысы Анна Гудкова.
Impact Distribution Lab’га Борбор Азиялык өлкөлөрдөн (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикстан, Түркмөнстан) кинопродюсерлер жана активисттер катыша алышат. Продюсерлер үчүн катышуунун шарты – 2023–2025-жылдары бүткөрүлгөн же аягына чыга монтаждоо стадиясында турган социалдык маанилүү темадагы тасманы катыштыруу үчүн табыштама берүү. Программага катышкан активисттер деп коомдук маанилүү долбоорлорго катышкан адамдар түшүнүлөт: ыктыярчылар, коомдук кыймылдардын мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын жана кайрымдуулук фонддордун кызматкерлери, социалдык жоопкерчиликтүү бизнестин өкүлдөрү. Катышуучулар табыштама берүү үчүн толук талаптар Alternativa веб-сайтындагы Impact Distribution Lab бетинде жарыяланды. Ошол эле учурда лабораториянын ишин ачып берген импакт-дистрибуция боюнча теориялык онлайн курстар бардык киносүйүүчүлөр үчүн ачык. Лабораторияга табыштама берүүнүн зарылчылыгы жок. Жөн гана угуучу катары катталуу керек (каттоо кийинчерээк жарыяланат).
Лабораториянын катышуучулары чакан топтордо (продюсер+активист) иштешет – бул аларга ар түрдүү тармактардагы адистердин тажрыйбасын алууга жана адаттан тыш жолдорду издөөгө мүмкүндүк берет. Катышуучулардын баары импакт-дистрибуция боюнча билим жана практикалык көндүмдөрдү, социалдык маанилүү долбоорлордун үстүнөн командада иштөө тажрыйбасы, эл аралык деңгээлдеги адистер жана насаатчылардын кеп-кеңештерин угуу, кино, медиа жана коомдук ишмердүүлүк жаатында жаңы кесиптик байланыштар курууга мүмкүнчүлүк алышат. Лабораториянын аягында ар бир команда өзүнүн тасмасын алдыга сүрөөгө даяр импакт-дистрибуция стратегиясын иштеп чыгат. Үчтөн кем эмес эң келечектүү долбоорлор программанын жеңүүчүсү деп табылып, өздөрүнүн стратегиясын ишке ашыруу үчүн уюштуруучулук жана консультациялык колдоого ээ болушат.
Impact Distribution Lab’тын негизги баскычтары:
1 июль — 30 сентябрь, 2025 Табыштамаларды кабыл алуу (опен-колл)
30 октябрь, 2025 Программанын катышуучуларын жарыялоо
Ноябрь 2025 Импакт-дистрибуция боюнча онлайн курс - теориялык лекциялар жана эл аралык адистердин мастер-класстары
Декабрь 2025 Өз алдынча иш - долбоорлордун үстүнөн командалык иш алып баруу, насаатчылар менен жекеме-жеке кеңешүү
Январь 2026 Практикалык модуль жана стратегияларды коргоо - тыгыз командалык иш жана импакт-стратегияларды эл аралык калыстар тобуна сунуу
Февраль 2026 жана андан ары Alternativa, inDrive жана лабораториялык өнөктөштөрдүн колдоосу менен жеңүүчүлөрдүн импакт-кампанияларын ишке ашыруу
Лаборатория тууралуу толук маалымат, анын ичинде адистердин жана насаатчылардын тизмеси, коомдук онлайн курс үчүн лекциялардын жана мастер-класстардын графиги жана башка маалыматтар жакынкы айларда Alternativa сайтында жарыяланат.
Alternativa Film Labs - Глобалдык Түштүктүн кинорежиссерлору үчүн акысыз билим берүү программаларын сунуштаган Alternativaнын негизги иш-чараларынын бири. Alternativa кинолабораториялары Борбор Азияда үчүнчү жыл катары менен өтүп жатат. Долбоор 2023 жана 2024-жылдары аймакта 6 лаборатория уюштуруп, ага 115 катышуучу катышкан. Көптөгөн катышуучулар үчүн лабораториялык окуу эл аралык карьерасында алдыга секирик боло алды. Анын ичинде программанын жеңүүчүлөрү үчүн саякат-гранттар кинодолбоорлорду эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүндүк берди. Алсак, казак режиссёру Жанна Курмашеванын Alternativa Pitching Training 2023 лабораториясында аткарган “Биз бул жерде жашайбыз” тасмасы CPH:DOX ири эл аралык даректүү тасмалар фестивалынын сынактык программасына кире алды. Ал эми кыргызстандык продюсер, Alternativa Development Lab 2024 программасынын бүтүрүүчүсү Назгүл Дөлөткелдиева толук метраждуу дебюттарды иштеп чыгуу үчүн эң престиждүү европалык платформалардын бири Munich Film Up!тын катышуучусу боло алды. Андан сырткары өз долбоорун Каннга питчингге да алып келди. ххх
Alternativa — дүйнөлүк технологиялык компания inDrive тарабынан ишке ашырылган эл аралык коммерциялык эмес долбоор. Ал тасмалары дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө ала турган Глобалдык Түштүктүн режиссерлорун колдоо жана илгерилетүү максатында түзүлгөн. Alternativaнын миссиясы – кинорежиссерлорго эл аралык деңгээлде таанылууга жана алардын эмгектерин коомдун калың катмарына жеткирүүгө жардам берүү.
inDrive — транспорт жана шаардык кызматтар үчүн дүйнөлүк платформа. inDriveтын тиркемеси 280 миллиондон ашык жолу жүктөлүп, үчүнчү жыл катары менен мобилдүүлүк боюнча эң көп жүктөлгөн экинчи тиркеме болуп саналат. Өзүнүн жол жүрүү кызматынан тышкары, inDrive кеңири кызматтар тизмесин сунуштайт. Алар шаарлар аралык жүк ташуу, жеткирүү жана каржылык кызматтар. 2023-жылы компания New Ventures, венчурдук капитал жана M&A бөлүмүн ишке киргизди.
inDrive 48 өлкөнүн 888 шаарында иштейт. Адилетсиздик менен күрөшүү миссиясын туу туткан компания 2030-жылга чейин бир миллиард адамдын жашоосуна оң таасирин тийгизүүнү көздөйт. inDrive бул максатка адилеттүү баа модели аркылуу жергиликтүү коомчулукту колдогон негизги бизнеси жана өзүнүн импакт-бөлүмдөрүндөгү долбоорлор аркылуу умтулууда. inDrive’тын коомду өнүктүрүү программалары билимди, спортту, искусствону жана илимди, гендердик теңчиликти жана башка маанилүү демилгелерди колдоп келет. Толугураак маалыматты www.inDrive.com сайтынан ала аласыз.
Суроолоруңуз болсо же кошумча маалымат алгыңыз келсе, биз менен байланышыңыз: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript
Лаборатория жөнүндө бардык материалдар, анын ичинде сүрөттөр жана логотиптер бул жерде
|


