Фестивали: подача заявок

Заявители проектов на участие в альманахе "Мой Айтматов", приглашаются в Дом Кино

 

День и время встречи: 16.07.2026 в 12:00 полдень
Место встречи: Дом кино, Логвиненко, 13, Бишкек
Подробнее ...
 

Открылся приём заявок для создания альманаха "Мой Айтматов", посвящённый 100-летию писателя

 

К конкурсу приглашаются молодые кыргызские режиссёры: примите участие в создании киноальманаха "Мой Айтматов", который будет состоять из 10 новелл по 10 минут каждая.

Подробнее ...
 

Второй МКФ Молодых кинематографистов "Сулайман-Тоо" начал приём заявок

 

Сроки и место проведения: 07-09.10.2026, Ош, Кыргызстан
Приём заявок: с 02.06 по 15.08.2026 
Подробнее ...
 
10.09.2024 00:00

Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө жаңы директор менен таанышуу болуп өттү

 

2024-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Ч.Эсенгул уулу Кинематография департаментинин коллективине жана департаментке караштуу мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине жаңы дайындалган директор менен тааныштырды.

 

Улан Адамалиев, жаңы директор 

 

Ал “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 6-сентябрындагы №465 Тескемесине ылайык АДАМАЛИЕВ УЛАН АЙЫЛЧИЕВИЧ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору болуп дайындалгандыгы тууралуу тескеме менен жамаатты тааныштырды.

 

АДАМАЛИЕВ УЛАН АЙЫЛЧИЕВИЧ – 1969-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында туулган.

 

2009-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство Институтунун Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери кесиптигин аяктаган.

 

1987-2000 жылдар аралыгында ар кандай мекемелерде жумушчу катары эмгектенип, 2000 –жылдан -2003 – жылга чейин “Ансамбль Мурас” коомдук фондунда директордун кызматын аркалаган.

 

2003-жылдын июль - октябрь айларында КТРКда корреспондент болуп эмгектенген.

 

2023-2005-жылдары “Ансамбль Мурас” коомдук фондундунун директору болгон.

 

2010-2012-жылдар арлыгында СДПК фракциясында консультант болуп эмгектенген.

 

2012-жылдын апрель-октябрь айларында Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.

 

2012-2013-жылдары “Аталык Груп” компаниясынын “Агромаш-Аталык” бөлүмүнүн менеджери болуп эмгектенген.

 

2021-2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министринин кеңешчиси болуп эмгектенген.

 

 

 

Кинематография департаментинин пресс-кызматы