18.07.2024 00:00 |
Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт
Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.
Лаборатория долбоорлору социалдык маанилүү жана актуалдуу маселелерди: адамукуктары, айлана-чөйрө, гендердик теңсиздик, социалдыкчыр-чатактар, адамдык трагедияларды чагылдырган продюсерлерге жана режиссёрлорго арналган. Impact Lab авторлорго мындай тасмаларды жайылтууну жана тасмаларда көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүүнүн жол карталарын түзүүнү үйрөтөт. Кино искусствонун түрү катары өзгөртүү касиетине ээ. Ошондуктан биздин максатыбыз - дүйнөнү өзгөртүү жана жакшыртуу үчүн кинонун потенциалын толук пайдалануу.
Impact Labтын өнөктөшү — Think-Film Impact Production европалык медиа компаниясы. Ал Alternativa Film Labs компаниясына 2023-жылы кинолабораторияны иштетүүгө жардам берген. Искусствонун жана социалдык өзгөрүүлөрдүн тажрыйбаларын өзүнө сиңирген Think-Film Impact Production командасы креативдүү визуалдык медианы аракетке колдоо көрсөтүү жана жыйынтыкка жетүү үчүн курал катары колдонот. Бул жылы компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору Дэниел Турков, башкы операциялык директор Эми Шеферд жана стратегиялык кеңешчи Клифф Уилсон Impact Labта устаттык кылышат. Булар конкреттүү адамдарга таасир эткен жана жардам беришкен, тасмалары “Эмми” жана “Оскар” сыйлыктарына ээ болгон адистер. Бирок эң негизгиси, бул инсандар реалдуу өзгөрүүлөргө алып баруучу стратегияларды кантип ойлоп табууну жана ишке ашырууну билген кесипкөйлөр.
“Өткөн жылдагы Impact Lab биз үчүн, Alternativa Film Labsтын уюштуруучулары жана окутуучулары үчүн чоң тажрыйба болду.
Impact Labга катышуу үчүн оpen call 13-майдан 5-августка чейин болот. Программага коомго жана айлана-чөйрөгө жакшы таасир эте алган, көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн ресурстарды тарта алган көркөм жана документалдык тасмалардан турган долбоору бар Борбор Азиялык (Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Таджикстан, Түркмөнстан) продюсерлер жана режиссерлор каттала алышат. Булар бир же андан көп тасма тарткан, коомчулуктар менен иштешүүгө жана жаңы импакт-стратегияларды өздөштүргөнгө кызыктар профессионалдар. Биз соңуна чыгайын деп калган долбоорлорду жана даяр тасмаларга басым жасайбыз. Программа катышуучуларды жол кире жана жаткан жерменен камсыздайт. Катышуучуларга жана алардын долбоорлоруна коюлган талаптар тууралуу толук маалымат alternativa.film сайтында жарыяланган. Лабораторияга кабыл алынгандардын жыйынтыгы сентябрь айынын башында жарыяланат.
Alternativa Film Project — 2023-жылы Борбор Азияда глобалдык технологиялык компания inDrive түптөгөн эл аралык коммерциялык эмес долбоор. Долбоор өнүгүп келе жаткан киноиндрустиядагы киночулардын кыймылын колдоо жана өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. Анын миссиясы – биздин дүйнө жөнүндө түшүнүгүбүздү кеңейтип, аны жакшы жакка өзгөртүүгө жардам бере турган эмгектердин авторлорун дүйнөлүк аренага таанытуу; алардын профессионалдык өсүүсүнө жардам берүү, локалдык киноиндустрия жана кинокоомчулуктарынын өнүгүшүнө күчтүү таасир этүү.
Alternativa Film Labs— кинорежиссерлор үчүн кино тартуу жана коомдук демилгелер боюнча көндүмдөрдү жана эрежелерди үйрөткөн акысыз билим берүү программалары. Бул авторлорго өз долбоорлорун бекемдөөгө, аудиториясын кеңейтүүгө жана билимдин же ресурстардын жетишсиздигинен улам экрандарда көрсөтүлө элек маанилүү окуяларды айтып берүүгө жардам берет. 2023-жылы Alternativa Film Labs командасы Алматыда импакт лабораториясын (Impact Lab) жана Борбордук Азиянын продюсерлери жана режиссёрлору үчүн питчинг боюнча онлайн курсун (Pitching Training), ошондой эле Бишкекте өспүрүмдөр үчүн киносеминар (Teen Lab) өткөрдү. Программанын окутуучулары жана тьютору болуп Гаагадагы адам укуктары жана социалдык маселелерди чагылдырган тасмаларга арналган Эл аралык кинофестивалдын көркөм жетекчиси Марги де Кениг; Think-Film Impact Production медиа компаниясынын негиздөөчүсү Даниел Турков; Вим Ванакер, Канн кинофестивалындагы кыска метраждуу тасмалар сынагына тандоо комиссиясынын мүчөсү, питчинг боюнча адистер тандалып алынды. Alternativa Film Labs 2023 сынагынын жеңүүчүлөрү Берлиндеги Европа кино рыногунун алкагында өз долбоорлорун көрсөтүү жана өнүктүрүү үчүн барышты: Даниел Бергер Fiction Toolbox программасынын, Бану Рамазанова Doc Toolbox программасынын катышуучусу болду; Диана Жилкенова менен Элиер Немат European Film Marketке аккредитацияга ээ болушту, ал эми Alternativa Impact Lab сынагынын жеңүүчүсү Асел Аушакимова Берлиналедеги Talent Project Market питчингинде экинчи орунду ээледи.
2024-жылы Alternativa Film Labs дагы бир ирет Борбор Азияда өтөт жана үч кинолабораториядан турат: Development Lab (июнь-октябрь айларында, Бухара, Алматыда онлайн), Teen Lab (июнь-сентябрь айларында, Ташкентте онлайн) жана Impact Lab (сентябрь-октябрь айларында, Бишкекте өтөт.
|