14.07.2024 00:00 |
"Айымдар кино тартат" аттуу видео-аудио подкаст чыкты
Кыргызстандык айым кинематографисттер жөнүндө "Айымдар кино тартат" аттуу видео-аудио подкаст чыкты.
Урматтуу угармандар, кадырлуу көрөрмандар!
Биздин бул долбоорубуз кино тармагында, кадрдын артында кандай иштер болоорун көргөзүп, Кыргызстандагы айымдардын кино индустриясындагы ролун жана ордун чагылдырат. Подкаст жумуш ордуларындагы тең укуктуулук маселелерин көтөрүп, айымдар туш болгон стереотиптерди талкуулап, бул кыйынчылыктарды жеңип чыккан окуялар менен бөлүшөт.
Подкасттын угармандары жана көрүүчүлөрү, айым режиссерлор туш болгон кыйынчылыктар жана кубанычтар, шыктандыруучу ийгилик окуялары жана алардын чыгармачылык жолундагы кыйынчылыктары жөнүндө биле алышат. Ар бир интервью кино индустриясындагы иштин уникалдуу аспектилерин ачып, Кыргызстандык айым кинематографисттерден баалуу маалыматтарды жана кеңештерди уга алышат.
Подкастжашадистердижанакинокарьерасыжөнүндөкыялданганайымдардыколдоонужанашыктандыруунукөздөйт. Бул долбоор айымдардын кинодогу ролу жөнүндө маалымдуулукту жогорулатып эле койбостон, тажрыйба жана идеялар менен бөлүшүү платформасын түзүп, тең укуктуу кесиптик коомчулукту калыптандырууга жардам берет.
Подкаст ар аптанын жума күндөрү саат 19:00дө YouTube каналында Fund of Art Females of Asia чыгат.
Подкасттын тили: кыргызча жана орусча.
Биринчи эпизоддордун коноктору: Нуркыз Тунгатарова, Асема Токтобекова, Акжол Бекболотов, Шайыр Касымалиева жана Дальмира Тилепбергенова.
YouTube каналдын шилтемеси: https://www.youtube.com/@fundofartfemalesofasia8150
Podster шилтемеси: https://podster.fm/podcasts/ajymdar-kino-tartat
Подкасттын Instagram баракчасынын шилтемеси: https://www.instagram.com/aiymdarkinotartat/
Долбоордун авторлору: Асель Жураева жана Айзада Амангельды.
Режиссер: Айдай Дуйшенкул кызы.
Долбоор “Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук кору тарабынан, Медиа Манас, Тазар кинокомпаниясы жана Creative Bureau KG колдоосу менен ишке ашырылган.
|