10.07.2024 00:00 |
В Бишкеке установили надгробный памятник Геннадию Базарову
9 июля 2024 года в Бишкеке, на Мемориальном Ала-Арчинском кладбище установили надгробный памятник одному из создателей "Кыргызского чуда", Народному артисту Кыргызстана, кинорежиссёру Геннадию Базарову.
Как сообщила пресс-служба Минкультуры, в мероприятии приняли участие министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Алтынбек Максутов, заместитель председателя Кабмина Эдиль Байсалов, председатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалай Кулмендеев, Роза Айтматова, народные артисты Манас Мусаев и Назира Мамбетова, супруга Базарова Райва Тойгонбаева.
На открытии Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Алтынбек Максутов отметил, что творчество и жизненный путь Базарова будет вдохновлять и служить примером для подрастающего поколения, а этот памятник не даст забыть имя и его великие работы.
«Геннадий Базаров не только талантливый кинорежиссер, постановщик, сценарист и прозаик, а прежде всего он был отличным наставником и хорошим человеком. В своих фильмах он показывал свое широкое мировоззрение, современный взгляд, и заставлял аудиторию мыслить по-новому» отметил заместитель председателя Кабинета Министров Кыргызской Республики Эдиль Байсалов.
Также, с речью выступили председатель союза кинематографистов Кыргызстана Таалайбек Кулмендеев, Роза Айтматова, народные артисты Манас Мусаев и Назира Мамбетова, от имени родственников выступила супруга Базарова Райва Тойгонбаева, которая поблагодарила всех присутствующих и создателей памятника, в особенности поблагодарила скульптора Тамилу Маматову и автора проекта Эмиля Тилекова.
В завершении мероприятия участники возложили цветы и был прочитан Куран.
Для информации: Геннадий Базаров родился в 1942 году Ат-Башинском районе Нарынской области. Окончил среднюю школу во Фрунзе (ныне Бишкек). В 1965 году окончил ВГИК по специальности «режиссура». Имя Базарова известно не только кыргызстанцам – фильмы мэтра отечественного кино любят зрители многих зарубежных стран. Он - основатель авторского кыргызского кино. В 2022-году был награжден орденом «Манас» II степени.
Его работы «Материнское поле», «Засада» и другие навсегда внесены в отечественную кинохронику.
Напомним, Геннадий Базаров умер 6 февраля 2023 года и был похоронен на кладбище «Ала-Арча».
Министр Алтынбек Максутов и Роза Айтматова
“Кыргыз кереметин” жаратуучуларынын бири, Кыргыз эл артисти, белгилүү кинорежиссер, сценарист Геннадий Базаровдун эстелиги ачылды.
9-июль күнү “Ала-Арча” көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров Садыровичтин эстелиги ачылды.
Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов ачып, Базаровдун жараткан эмгектери жана өмүр жолу келечек муундарга үлгү болуп, шыктандырып, дем берерин, бул эстелик анын ысымын жана улуу иштерин даңазалап, баалуулуктарын эстен чыгарбоого жардам берерин белгилеп өттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов "Геннадий Базаров таланттуу кинорежиссер, коюучу, сценарист, прозаик гана эмес эң негизгиси ал мыкты насаатчы жана мыкты инсан болгонун эскерип, тасмаларында өзүнүн кеңири дүйнө таанымын, заманбап көз карашын сунуштап, көрүүчүлөрдү жаңыча ойлонууга багыттап турган”-деп белгиледи.
Ошондой эле, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Таалай Кулмендеев, Роза Айтматова, эл артисттери Манас Мусаев жана Назира Мамбетова, туугандарынын атынан жубайы Райва Тойгонбаева сөз сүйлөп, эстеликти орнотуу үчүн салым кошкон ар бир атуулга, эстеликтин скульптору Тамила Маматовага, долбоордун автору Эмиль Тилековго ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын аягында катышуучулар эстеликке гүл коюп, куран окулду.
Маалымат үчүн: Геннадий Базаров 1942-жылы 14-майда Нарындын Ат-Башы районунда төрөлгөн. Фрунзеде (азыркы Бишкек) орто мектепти аяктаган. 1965-жылы ВГИКтин режиссёрдук бөлүмүн бүтүргөн. Базаровдун ысымы кыргызстандыктарга гана белгилүү эмес – улуттук кинонун чебери тарткан тасмалар көптөгөн өлкөлөрдүн көрүүчүлөрүнүн сүймөнчүлүгүнө ээ. Ал автордук кыргыз киносун түптөөчүлөрдүн бири. 2022-жылы II даражадагы мамлекеттик “Манас” ордени менен сыйланган.
Анын "Саманчынын жолу", "Буктурма" жана башка тасмалары өлкөнүн кино хроникасына түбөлүккө жазылган.
Эске салсак, Геннадий Базаров былтыр, 2023-жылынын 6-февралында көз жумган, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
Заместитель председателя Кабмина Эдиль Байсалов
Райва Тойгонбаева
Председатель Союза кинематографистов Кыргызстана Таалай Кулмендеев
|