24.01.2024 00:00 |
Үсөнова Аида Сейдакматовна - Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын директорунун орун басары болуп дайындалды
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов кол коюп, жалпы жамаатка тааныштырды.
Аида Үсөнова
А.Үсөнова 26.05.1989-жылы торолгон. 2008-2012-жылдары, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин экономика факультетинин “Финансы жана кредит” адистигин аяктаган.
2011-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында эмгек жолун иш кагаздар боюнча адис кызматынан баштаган. 2014-2022-жж. киностудиянын кадрларды жетектөөчү адиси кызматында иштеген. 2022-2023-жж. киностудиянын өндүрүш бөлүмүнүн жетекөөчу адиси болуп эмгектенген.
2021-жылы улуттук кинематографиянын өнүгүсүнө кошкон салымы үчүн “Кыргыз киносунун отличниги ” төш белгиси менен сыйланган.
"Кыргызфильм" киностудиясы
|