Фестивали: подача заявок

Национальная премия «ҮРКЕР» - 2024» : начался прием заявок

 

Министерство культуры и информации РК объявляет старт приема заявок на соискание Национальной премии «ҮРКЕР» - 2024» в области печатной, радио и интернет – журналистики.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs Impact Lab программасына катталууну жарыялайт

 

Дедлайн: 05.08.2024. Impact Lab чыгармачыл кинолабораториясы 26-сентябрдан 1-октябрга чейин Бишкекте (Кыргызстан) өтөт.

Подробнее ...
 

Alternativa Film Labs объявляет набор  на программу Impact Lab

 

Дедлайн: 05.08.2024. Творческая кинолаборатория Impact Lab пройдет с 26 сентября по 1 октября в Бишкеке (Кыргызстан).

Подробнее ...
 
09.01.2024 00:00

Эл сүрөтчүсү Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды

 

Бүгүн, 9-январда Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, кыргыз киносунун ардагери Муса Абдиев акыркы сапарга узатылды. 

 

Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кинематография департаментинин директору Акжол Бекболотов, Кыргыз Республикасынын кинематографисттер уюмунун төрагасы Таалай Кулмендиев, кино жана сүрөт искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрү, туугандары катышты.

 

 

 

Эл сүрөтчүсүн акыркы сапарга узатууда анын кыргыз маданиятындагы барандуу орду, жараткан эмгектери, чыгармачылык таланты эскерилди.

 

Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө Муса Абдиевдин чыгармачылыгына кеңири токтолуп, ал кыргыз киносунун негиздөөчүлөрү М.Убукеев, Т.Океев, Б.Шамшиев жана Г.Базаровдун тасмаларынын жаралышына сүрөтчү-коючу катары зор салым кошконун, биринчи кыргыз тасмасы болгон Л.Шепитьконун “Аптап”, А.Кончаловскийдин “Биринчи мугалим” тасмаларынын каармандарынын костюмдарын өз колу менен жаратканын, өзүнүн зор эмгеги аркылуу Кыргызстандагы жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү кесиптештеринин жана көрүүчүлөрүнүн арасында таанымал, урмат-сыйга ээ инсан болгондугун баса белгиледи.

 

Белгилей кетсек, Муса Абдиев 1934-жылы Кыргыз ССРинин, Жалал-Абад облусундагы Орто айылында туулган.

1959-жылы Фрунзе шаарындагы көркөм өнөр жогорку мектебин бүткөндөн кийин, эмгек жолун "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде тасмалардын сүрөтчү ассистенти болуп, андан соң сүрөтчү-коючу болуп өмүрүн акыркы жылдарына чейин эмгектенген.

 

Улуттук киноискусствосундагы мыкты жетишкендиктери үчүн СССРдин кинематографиясынын отличниги, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү наамдары менен сыйланган.

 

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

 

Айнура Асанбаева (текст & фото)