11.11.2023 00:00 |
Первый МКФ в Бишкеке: Инфо о фильме «Айкай», Казахстан, Международный конкурс (kg_ru)
Сроки и место проведения: 17-21 ноября 2023 год, Бишкек, Кыргызстан Показ фильма: 20 ноября 2023г., в 11.40 часов утра, кинотеатр Ала-Тоо Вход свободный
Айкай
“Айгай” / "Айкай", Кенжебек Шаикаков, Казахстан, 2023, 108’
Синопсис: Сыноо полигонунун жанындагы чакан айылдын тургуну Мелис жана анын кичинекей уулу Жалгас айылдын башка тургундары сыяктуу эле бейкапар жашоодо жашап келишет. Айылдын башка балдары сыяктуу кенже класстын окуучусу Жалгас сыноо күнүн чыдамсыздык менен күтөт. Себеби, ал ушул күндөрү мектептен бошотулган. Бул сыноонун зыяндуулугун жана кесепеттерин чоңдор деле түшүнбөйт. Же адам денеси кырк жылдын ичинде жарылууга ушунчалык көнүп калганбы?
Постер: "Айкай" Синопсис. Мелис, житель небольшого села недалеко от полигона, и его маленький сын Жалгас живут беззаботной жизнью, как и другие жители этого села. Жалгас, ученик младшего класса, как и другие дети села, с нетерпением ждет дня испытания. Причина в том, что в эти дни его освобождают от учебы в школе. Кажется, даже взрослые не понимают опасности и последствий этого испытания. Или плоть уже привыкла к взрывам, которые происходят в течение сорока лет?
Кенжебек Шайкаков
Биографиясы:
1977-жылы Актөбө облусундагы Акшы айылында туулган. Сценарист, режиссёр, актёр. Т.Жургенов атындагы театр жана кино институтунда театр жана кино актёру адистиги боюнча окуган. 1998-жылы драматург жана жазуучу А. Таразинин мастер-классын сценарист-монтажер адистиги боюнча аяктаган. Ал казак телевидениесинде журналист, редактор жана режиссер болуп иштеген. Актер жана бир катар көркөм фильмдердин сценаристи, "Казакфильм" киностудиясында экинчи режиссер болуп эмгектенген. "Шалаш" тасмасы - анын режиссердук дебюту.
Кенжебек Шайкаков 2014-жылы "Amanat kz" продюсердик борборунун каржылык колдоосу менен DSfilm киностудиясында "Курко" аттуу тасмасы менен дебют жасаган. Бул тасма ошол эле жылы Дүйшөмбүдө өткөн "Дидор" эл аралык кинофестивалында байгеге ээ болгон. 2015-жылы Орусиянын Чита шаарында өткөн "Байкал аймагы" эл аралык кинофестивалында "калыстар тобунун атайын сыйлыгы" номинациясына татыган. 2015-жылы Якутск шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда "Мыкты режиссердук дебют" номинациясын алган. Ошол эле жылы Алматыда өткөн Казакстандын "Сынчылардын тандоосу" сынагында "Жылдын мыкты сценарийи" сыйлыгына ээ болгон. Австралиянын Брисбен шаарындагы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын ARSA кинофестивалына "Эң мыкты сценарий" номинациясы боюнча катышкан.
Биография:
Родился в 1977 году в селе Акши Актюбинской области. Сценарист, режиссер, актер. Учился в Институте театра и кино им. Т.Жургенов, по специальности актер театра и кино; В 1998 году окончил класс драматурга и писателя А. Тарази по специальности сценарист-редактор. Работал журналистом, редактором и режиссером на казахском телевидении. Актер и сценарист ряда художественных фильмов, был вторым режиссером на киностудии «Казахфильм». «Шалаш» — его режиссерский дебют.
В 2014 году Кенжебек Шайкаков дебютировал фильмом «Курко» на киностудии DSfilm при финансовой поддержке продюсерского центра «Аманат кз». Этот фильм получил приз на международном кинофестивале «Дидор», проходившем в Душанбе в том же году. В 2015 году он был удостоен номинации «Специальный приз жюри» Международного кинофестиваля «Байкальский регион», проходившего в Чите, Россия. В 2015 году он был удостоен номинации «Лучший режиссёрский дебют» на международном кинофестивале, проходившем в Якутске. В том же году он получил награду «Лучший сценарий года» на первом казахстанском «Выборе критиков», проходившем в Алматы. Принимал участие в кинофестивале ARSA Азиатско-Тихоокеанской киноакадемии в Брисбене, Австралия, в категории «Лучший сценарий».
|