| 01.07.2023 00:00 |
|
Post Space кинолагеринде катышуу үчүн билдирме жиберип коюңуздар
Тартылып бүткөндөн кийинки айларда авторлордун тасмага баа бериши кыйын, ал эми көрүүчүлөр аны кандай кабыл аларын алдын ала айтуу андан да кыйын.
Тесттик көрсөтүүлөр тасманы жаңы көз караш менен кароого жана оңдоп-түзөтүүнү талап кылган кемчиликтерди аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Көп учурда тесттик көрсөтүүлөргө кокус көрүүчүлөр катышып калган учурлар болот, бирок биздин кинолагердин алкагында сиз өз тасмаңызды белгилүү кинорежиссёрлордон, киносынчылардан, албетте, Берлин, Венеция, Токио, Локарно, Гонконг ж.б. дүйнөлүк фестивалдардын тандоочуларынан турган эксперттик фокус-топко көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Тасмаңыздын фестивалдык тагдыры дал ушул көрсөтүүлөрдөн жаралышы мүмкүн.
Автор фокус-группа менен түз байланышып, алардын пикирин билүү, тасманы бүтүрүү боюнча баалуу сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Тасмага коюлган талаптар:
1. Көркөм же даректүү тасма
2. Убактысы: 60–120 мин (көркөм), 52 мин баштап (даректүү)
3. Өндүргөн датасы: 2023-жылы же аяктоо алдында
4. Өндүрүш: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Монголия
5. Англис тилинде сабаттуу жазылган субтитрлер
Билдирмеге коюлган талаптар:
1. Толтурулган билдирме 2. Тасманын автордук укук ээсинин макулдугу
Билдирмелер 2023-жылдын 15-августуна чейин кабыл алынат.
Билдирмени толтуруу: https://forms.gle/oY4qDigjx1KtVa4d7
|


