22.04.2023 00:00 |
Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумунун пресс-релизи
“Азия чыгармачыл айымдарынын” коомдук фонду жыл сайын Кыргызстан айым-режиссерлорунун Кинофорумунун өткөрүп келет. Быйылкы V Кинофорум советтик кыргыз режиссер айымы Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат.
V Кинофорум Швейцария өкмөтүнүн жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Иш-чара өтүлүүчү жер жана убактысы: 11-12-13-май, Ош шаары.
Кыргызстан айым-режиссерлорунун V Кинофорумуна катышуу үчүн Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан 50 гө жакын тасмалар келип түштү. Булар – кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар.
Фильмдерди тандап алуу үчүн атайын комиссия түзүлүп, анын курамына кино искусствонун ишмерлери, режиссерлор, операторлор жана монтажерлер киришти. Кинофорумдун программасына 14 тасма тандалып алынды: анын ичинен 11 тасма Кыргызстандан, 2 фильм Казакстандан жана 1 тасма Өзбекстан Республикасынан.
Кинофорумдун алкагында Түштүк Корея, Түркия жана Казакстандан келген кесипкөй киночулар тарабынан мастер-класстар жана семинарлар берилип, тегерек столдор-талкуулар уюштурулат.
Кинофорумдун аягында режиссер Жаңыл Жусупжандын “Үркөр, үркөр, үч жылдыз, үркүп кайда барасың” аттуу даректүү тасмасынын улуттук бетачары болот. Даректүү тасма Кыргызстан менен Франциянын орток өндүрүшүнүн негизинде тартылган.
Кинофорумга тандалып алынган тасмалардын тизмеси:
1. «Земля», реж. Алиман Токтогулова, игровой, 17 мин., Кыргызстан
2. «Жанымда, бирок алыс», реж. Жаркын Жусупбекова, игровой, 12 мин. 35 сек., Кыргызстан
3. «21’3», реж. Марина Сайфиндинкызы, док., 19 мин. 42 сек., Кыргызстан
4. «Прямой эфир», реж. Дайана Ибраева, игровой., 10 мин., Казахстан
5. «Умут», реж. Сауле Муканбетова, игровой., 7 мин. 19 сек., Кыргызстан
6. «Нарын», реж. Назгуль Чороева, док., 15 мин., Кыргызстан
7. «Эргүү», реж. Жайнагуль Тойчубекова, док., 10 мин. 55 мин., Кыргызстан
8. «Мама», реж. Айдана Асанкызы, док., 17 мин. 14 мин., Кыргызстан
9. «Наше бремя», реж. Аружан Досыкожа, игровой., 12 мин., Казахстан
10. «Келин Таш», реж. Гузель Дуйшенкулова, игровой., 15 мин., Кыргызстан
11. «Kulcha», реж. Севара Бекмурадова, игровой., 23 мин., Узбекистан
12. «Киндик эне», реж. Таберик Юсупова, игровой., 22 мин. 27 сек., Кыргызстан
13. «Ата Мурас», реж. Сезим Акинова, док., 10 мин., Кыргызстан
14. «Профессор Муса Матеев», реж. Айзада Амангельды, док., 50 мин., Кыргызстан
|