Фестивали: подача заявок

Открыт приём заявок для участия в МКФ короткого метра Thesan International Short Film Festival, Италия

 

МКФ короткого метра Thesan пройдёт 6 и 7 ноября 2026 года в великолепном театре имени Леи Падовани в Монтальто-ди-Кастро (VT).

Подробнее ...
 

Открыт приём заявок для участия в 23 МКФ в Марракеше

 

Заявляйте Ваши фильмы: открыт приём заявок к участию на 23 МКФ в Марракеше (Марокко), который прройдёт с 20 по 28 ноября 2026 года.

Заявки принимаются до: 31.07.2026

Подробнее ...
 

МКФ в Тампере скоро начнётся принимать заявки

 

57 МКФ в Тампере пройдёт с 10 по 14 марта 2027 года. МКФ короткометражных фильмов в Тампере (Финляндия) - это один из трёх престижных фестивалей короткого метро в Европе после МКФ в Оберхаузене (Германия) и Клермон-Ферране (Франция).

Подробнее ...
 
18.04.2023 00:00

“Кыргызсериал” сценарийлердин  сынагын  жарыялайт "Баатырдын төрөлүшү
 
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы  Кинематография департаментинин “ Кыргызсериал” чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси балдар жана өспүрүмдөр үчүн "Баатырдын төрөлүшү  аттуу чакырыктын негизинде сценарийлердин  сынагын  жарыялайт.

 

Катышуучулардын категориясы:

Сынакка тажрыйбалуу жаратмандар менен катар, чыгармачылыкка жаңы аралашып жүргөн драматург, сценаристтер катыша алат.

 

Талаптар:

Сынакка катышып жаткан чыгарма кыргыз жана расмий тилдердекабыл алынат.

Мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама -каршы келбеши керек.

Ошондой эле ал чыгарма, мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш;

 

Форматы- стандарттуу. Шрифт - Times New Roman, размер-14, саптардын ортосундагы интервал-1;

 

Керектелүүчү документтер:

 

· Сериалдын тритменди,  титулдук барак (аты,жанр,максаттуу аудиториясы, сериялардын саны) жалпы концепциясы, 1- сериянын сценарийи, бардыгы: 7 экземплярдан;

 

·  Катышуучу тууралуутолук маалымат (резюме): автордун билими, тажрыйбасы жана фильмографиясы(кайсы тасмада эмне кызмат аткарган);

 

Аталган документтер конвертке бекитилип, “Сынакка” деген жазуусу менен төмөндөгү көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлүшү керек.

 

Интеллектуалдык менчик:

 Сынактын катышуучулары жиберилген сценарийге өздөрүнүн толук автордук укуктары бар экендигин тастыкташат.

 

Сынактын баалоо критерийлери:

 

· Чыгарманын идеялык - көркөмдүк мазмуну “Баатырдын төрөлүшү” аттуу чакырыктын  талабына ылайык келиши;

 

· Нарктуулук, салттуу тарбиялык,  адеп-ахлактык жана мекенчилдик  сыяктуу баалулуктарга карата өзгөчөлүгү; 

 

· Коомдук саясий мамилелердин бир беткей кызыкчылыктарына жол берилбеши керек;

 

Сынакка келип түшкөн сценарийлер жана документтер “ Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк Бирикмесинин Көркөм Кеңеши тарабынан каралат жана алар кайра кайтарылбайт.

 

 Сынакка өткөрүү мөөнөттөрү:

 

 Сынак: 2023-жылдын 1 - майдан 1- декабрга   чейин жүргүзүлөт.

 Кабыл алуу саат 10:00-18:00 чейин

 

Дареги:

Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 24

Электрондук почта:  Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

                               Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript

 

Байланыш телефондору:  0312590890

                                      +996500380830

                                      +996550288165