Фестивали: подача заявок

Tashkent IFF: Pitch session  Talents from Central Asia
 

PITCH SESSION: TALENTS FROM CENTRAL ASIA – Second edition

Screenwriters and directors

Tashkent International Film Festival

Подробнее ...
 

Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары фестивалы “9 өлкө, 9 шаар - 1 фестиваль”
 

Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары фестивалы “9 өлкө, 9 шаар - 1 фестиваль” урааны менен сегизинчи ирет өтүп жатат.

Подробнее ...
 

Подайте заявку к участию в Post Space

После месяцев съёмок авторам сложно оценивать фильм непредвзято, а ещё сложнее предугадать, как на него отреагирует аудитория. Тестовые (Work-In-Progress) показы дают возможность окинуть картину свежим взглядом и выявить слабые места, которые нужно скорректировать.

Подробнее ...
 
14.04.2023 00:00

Аваз Момуналиев өтүп кетиптир

 

2023-жылдын 14-апрелинде  67 жаш курагында Кинематография департаментинин Чарба иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы, кесиптешибиз Момуналиев Авазбек Курманбекович дүйнө салды.

 

Авазбек Курманбекович1956-жылы 12-июнда Чүй областынын Асылбаш айылында төрөлгөн. 1979-жылы Алма-Ата кинотехникумунда, Киножабдуулар жана аны эксплуатациялоо адистиги боюнча билим алган.

 

А.Момуналиев кино тармагында 50 жылга жакын эмгектенип, эмгек жолу 1974-жылы “Россия” кинотеатрында киномеханик кызматында иштөө менен башталып, инженер, Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө киномеханик, Чарба иштери боюнча бөлүм башчы кызматтарында иштеген. Ал боорукер, чынчыл, эмгекчил мүнөздөрү менен кесиптештер арасында кадыр-барктуу эле.

 

Авазбек Курманбековичтин жаркын элеси кесиптештердин жана жакындарынын арасында түбөлүккө сакталат.

 

Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.