Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси "Корком сериалдардын сценарийине" сынак жарылайт
 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси "Көркөм сериалдардын сценарийине" сынак жарылайт.

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши проекты в программу Work in Progress МКФ в Карловых Варах
 

В 2023 году программа Work in Progress МКФ в Карловых Варах ждет продюсеров и режиссеров из стран Центральной и Восточной Европы, Балкан, бывшего Советского Союза, Ближнего Востока и Северной Африки. Они должны будут представить проекты в периоде производства, с надеждой, что премьера завершенных фильмов в ближайшем будущем может состояться на МКФ в Карловых Варах.

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлердин  сынагын  жарыялайт "Баатырдын төрөлүшү
 
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат , спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы  Кинематография департаментинин “ Кыргызсериал” чыгармачыл- өндүрүштүк бирикмеси балдар жана өспүрүмдөр үчүн "Баатырдын төрөлүшү  аттуу чакырыктын негизинде сценарийлердин  сынагын  жарыялайт.
Подробнее ...
 
14.03.2023 00:00

Кинематография департаменти сценарийлердин долбоорлоруна сынак жарыялайт (2023)
 

Кинематография департаменти, жаш кинематографистерди колдоо максатында “Эң мыкты кинодолбоорлор” сынагына көркөм жана даректүү тасмаларынын долбоорлорун кабыл алууну жарыялайт.

 

Кинематография департаментинин Эксперттик комиссиясынын 2023-жылдын 11-мартындагы чечимине ылайык  жаш кинематографистерди колдоо максатында “Эң мыкты кинодолбоорлор” сынагына көркөм жана даректүү тасмаларынын долбоорлорун кабыл алууну жарыялайт.

 

Сынакка билдирмелер 2023-жылдын 14-апрелине чейин кабыл алынат.

 

Кабыл алуу эрежеси:

 

Көркөм жана  даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын жараны болуш керек.

Долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.              

 

Кино долбоор төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:

 

1. Кинематография департаментинин директорунун атына кат.

2. Өтүнмө  (формасы тиркелет).

3. Долбоордун кыскача синопсиси (формасы тиркелет).

4. Календардык план (формасы тиркелет).  

5. Сценарий.

6. Сценарийдин автору, режиссеру жана продюсеринин Кыргыз Республикасынын жарандыгын тастыктаган документтеринин көчүрмөлөрү (паспорт).

7. Долбоордун бюджети (формасы тиркелет).

8. Кинодолбоордун  режиссерунун, сценаристин өмүр баяны, атайын окуу жайын же режиссердук курсту бүтүргөндүгү тууралуу документ (CV).

9. Режиссердун фильмографиясы,  эл аралык кинофестивалдарда алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү.

10. Кинодолбоорлорго кино тармагында жетишкендиктери бар адистин көркөм жетекчи болууга сунуштама.

11. Тарта турган кинокомпаниянын же студиянын фильмографиясы.

12. Кинодолбоорду каржылоонун көлөмү жана булактарын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү.

13. Салык, камсыздоочу төлөмдөр жана туумдардын төлөө боюнча фискалдык органдардан (карызы жоктугун тастыктаган)  маалымкат.

 

Эскертүү: жогорудагы тизмедеги талап кылынган иш кагаздар 2 экз. болушу керек.

 

Иш кагаздар толук болбосо кабыл алынбайт.

 

Формаларды жүктөө (басыңыз)

 

Маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти
 
Дареги: Бишкек ш., Логвиненко көч., 13, Ч.Айтматов атындагы Кино үйү.
 
Сурап билүү телефондору:+996 312 300265; +996 312 301047.
 

 

е-mail: Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript ; Этот e-mail адрес защищен от спам-ботов, для его просмотра у Вас должен быть включен Javascript