07.03.2022 00:00 |
Кинематография департаментинин жамааты 8-март - майрам күнү менен куттуктайт
Урматтуу кыргыз маданиятынын жана киноискусствосунун асылзат айымдары, майрамыңыздар менен! Кинематография департаментинин жамааты Сиздерди чын жүрөктөн 8-март - Аялдардын эл аралык майрам күнү менен куттуктайт.
Улуттук кинематографтын өнүгүүсүнө, кыргыз маданиятынын руханий салттарын сактоого кошкон Сиздердин баа жеткис эмгегиңиздерди жогору баалайбыз.
Сиздерге чын ден-соолук, узун өмүр, көптөгөн чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!
Жаз гүлүндөй жадырап жайнадыңар Ар убакта мээнеттен тайбадыңар Оорубай, ден-соолукта болгулачы Куттуу болсун 8-март майрамыңар!
Сиздерди терең урматтоо менен, Кинематография департаментинин директору М. Бектеналиев
|