03.03.2022 00:00 |
В Департаменте кинематографии обсудили проблемы гос.языка в киноиндустрии_на кырг.яз. 2022-жылдын 1-мартында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын долбоорундагы кинематография тармагына тийиштүү 6-главанын 19-берененин 3-пункту боюнча талкуулоо жыйыны Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө өттү.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору М.Бектеналиев катышуучуларга күн тартиби жана катышуучулардын өкүлдөрү менен тааныштырып, жыйындын максатын айтты.
Жыйын КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Мусаев жана комиссиянын өкүлдөрү, Кинематография департаментинин өкүлдөрү, Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилиги жана өкүлдөрү, Кыргызстандын Кинематографисттер уюмунун жетекчилиги жана өкүлдөрүнүн, “Кыргызтасмасы” кинопрокаттын өкүлдөрү, Кыргызстандын киножүгүртүүчүлөрүнүн ассоцияциясынын өкүлдөрү, Кыргызстандын кинопродюссерлеринин ассоциациясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы С.Ж.Мусаев бул Конституциялык мыйзамдын максаты тууралуу жыйындын катышуучуларына айтып берди жана мыйзам долбооруна сунуштарды жана ой-пикирлерди угууга даяр экендигин белгиледи.
Андан соң, Кыргызстандын Кинематографисттер уюмунун жана Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилиги, Кинопродюссерлердин ассоциациясынын жана Киножүгүртүүчүлөр ассоцияциясынын өкүлдөрү мыйзам долбоору тууралуу пикирлерин билдиришти жана киноөндүрүш тармагындагы иштер тууралуу маалымат беришти.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна сунуштарды жана ой-пикирлерди Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясына сунуш берүү чечими кабыл алынды.
Кинематография департеминти
|