Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 

XI Форум Молодого кино стран СНГ "Умут" - 2024

 

Сроки и место проведения: 28.03-01.04.24, 2024, Бишкек, Кыргызстан
Организатор: Департамент кинематографии при поддержке МФГС
Заявки для участия фильмов принимаются до 1 марта 2024 года. 
Подробнее ...
 
18.02.2022 00:00

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган толук метраждуу көркөм тасмасынын сценарийине сынакты кайрадан жарыялайт
 

Сынактын максаты - кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында мекенчил ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо.

 

Сынак 2 этапта өткөрүлөт:

1-этап: 2022-жылдын 1-сентябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат;

2-этап: 2022-жылдын 31-сентябрына чейин Сынактын жеңүүчүсү аныкталат.

 

Сынакка катышуу үчүн толук сценардык пакет тапшырылышы керек:

- тасманын сценарийи,

- автордун резюмеси жана фильмографиясы.

 

Көркөм тасманын сценарийинде оригиналдуу сюжети, сюжеттик багыттардын логикалык жактан өнүгүү болуусу керек.

 

Сынакка катышууга негиз болуп сценардык пакетке толтурулган «Сынактык билдирме» болуп саналат. Сынактык билдирмелер мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.

 

Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:

- үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;

- баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дары-дармектерди, куралжарактарды пропагандалоо (актоо) сюжеттери;

- конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;

- согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка чакыруу;

- улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;

- улуттук же тектик артыкчылыкты, сабырсыздыкты үгүттөө;

- порнографиялык мазмундагы сценалар;

- ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.

 

Сынакка катышуучулар сынактык билдирмелерди 5 нускада жана электрондук формат менен тапшырышат. Сынактык билдирменин кагаз түрүндөгүсү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл.

 

Сынактык билдирме конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болуш керек:

- катышуучунун аты жөнү (толук)

- электрондук дареги;

- байланыш телефондору.

 

Сынактын дареги жана байланыш үчүн маалыматтар:

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти.

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.

Белги: «Жусуп Абдрахманов». Киносценарийлердин сынагына»

Тел.: 0312301042; 0312300265.