19.10.2021 00:00 |
Кыргыз киносунун жана Б. Шамшиевдин 80 жылдыгына карата чыгармачылык жолугушуу болуп өттү.
КРнын Эл артисти Жамиля Сыдыкбаева жана КРнын Эмгек сиңирген артисти Насреддин Дубашевдин чыгармачылык кечеси 19-октябрда Кара-Балта шаарындагы "Жаштык" кинотеатрында Кыргыз киносунун жана Б. Шамшиевдин 80 жылдыгына карата өткөрүлдү. Иш чарага катышкан жаш кино күйөрмандарга белгилүү артисттер кыргыз киносунун 2021-жылы орун алган эң маанилүү окуялары жана даталары, “Шамбала” кинотасмасы тууралуу айтып беришип киного көп барып кино сүйүүчүлөрүнө айланууну каалап кетишти. Кече музыкалык номерлер менен коштолуп, аягында катышуучуларга "Шамбала" кинотасмасынын атайын көрсөтүүсү болду.
Ошондой эле Ж.Сыдыкбаева, Н.Дубашев Сокулук кинодирекциясынын "Кыял" кинотеатрынын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.
|