Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
18.10.2021 00:00
Неделя турецкого кино в КР: встреча коллег двух стран в Доме кино
 
Сроки проведения Недели турецкого кино: 16 - 20 октября 2021г.
Место проведения: Бишкек, кинтеатр Манас
Встреча коллег в Доме кино: 18.10.21
 
 

"V Түрк тасмалар жумалыгы" иш-чарасынын алкагында

Түркиядан келген кинематографисттер  менен кездешүү болуп өттү.

 

Бүгүн 2021-жылдын 18-октябрында Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө Түркиядан келген Metin Gündoğdu (Жергиликтүү Ой Ассоциациясынын төрагасы), Kemal Uysal (Маданият жана туризм министрлигинин кино боюнча башкы директорунун орун басары), Öner Kılıç (директор – Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору), Galip Güner (Продюсер), Fatih Özcan (директор), Bedir Acar (Журналист), Halil Kardaş (Продюсер – Сценарист), Ahmet Toklu (директор), Mehmet Bahadır Er (директор) жана Кыргызстандын продюсерлери, режиссерлору, каскадерлору менен кездешүү болду.  

 

Иш-чара катышуучулардын бири-бири менен таанышуусу менен башталып, саламдашуу сөздөрдөн кийин баарлашууга  өттү. Түркиядан келген коноктор кино тармагындагы мыйзамдарынын өзгөртүүлөрү, «Коркут Ата» Эл аралык фестивалы тууралуу, түрк тилдүү мамлекеттерге кызыктуу боло турган орток эмгектерди жаратуу маселелери боюнча Кыргызстандык катышуучуларга айтып берип берилген сууроолорго жооп беришти. Кездешүүнүн катышуучулары конокторго өздөрүнүн долбоорлору тууралуу маалымдашып,  орток эмгектерди жаратуу шарттары жана мөөнөттөрү боюнча сурашып, түрк тилдүү мамлекттерде фильмдерди жүгүртүү ж.б. ушул сыяктуу темаларды көтөрүштү.

 

Кездешүүнүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн кинематографисттери чыгармачыл эмгек жаратуу максатында биринчи орунга тыгыз баарлашуу, таанышуу зарылдыгын жана кинематография тармагында келишим-меморандум иштеп чыгуу керек экендигин белгилешти.

 

Кездешүү Туркиядан келген конокторго эсте каларлык белектерди тапшыруу жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эмгектенген  кабинетти көрсөтүү менен аяктады.