17.09.2021 00:00 |
Кыргыз киносунун 80 жылдыгына жана СССРдин Эл артисти, кинорежиссер Б.Шамшиевдин 80 жылдыгына арналган республикалык семинар – кеңешмеси болуп өттү.
Өткөрүлүчү жер: Жети-Өгүз району, Каракол,Чолпон-Ата шаарлары, “Чолпон” кинотеатры. Өткөрүүчү күндөр: 2021-жылдын 16-17-сентябры. Семинардын биринчи күнүндө катышуучулар Балыкчы шаарындагы “Ысык-Көл”, Жети-Өгүз районундагы “Салтанат”, Каракол шаарындагы “Ысык-Көл” кинотеатрларынын ишмердүүлүгү менен жана Каракол шаарынын маданий жайлары менен таанышышты.
Ал эми экинчи күнү семинар-кеңешме өз ишин баштады. Пленардык жыйындын модератору болуп Кинематография департаментинин директору М. Бектеналиев чыкты. Семинар – кеңешменин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын өкүлдөрү куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Областык кинодирекциялардын директорлору А. Калмакиев (Ысык – Көл), У. Юлдашева (Ош), К. Зайналов (Баткен), К. Ташматов (Жалал – Абад), З. Муканбетов (Нарын), Ж. Исанаев (Чуй), Т. Досматов (Талас) кыргыз киносунун 80 жылдыгына, Б.Шамшиевдин 80 жылдыгына карата, областта жүргүзүп жаткан иш-чаралардын жүрүшү боюнча жана “Кыргызтасмасы” кино борборунун директору Т. Досалиев бүгүнкү күндө фильмдерди жүгүртүү маселелери боюнча маалымат беришти. Семинар-кеңешме суроо-жооп иретиндеги талкуу, ой бөлүшүү, чечим кабыл алуу менен аяктады.
Кыргыз киносунун 80 жылдыгына жана СССРдин эл артисти, кинорежиссер Б.Шамшиевдин 80-жылдыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 3- даражадагы “Манас” орденинин ээси, киноактриса А.Темированын чыгармачылыгынын 50 жылдыгына карата “Ысык – Көлдүн кызгалдактары” тасмасы көрсөтүлдү жана А.Темирова менен чыгармачылык жолугушуусу уюштурулду.
Иш чаранын соңунда катышуучулар Чолпон – Ата шаарынын маданий жайлары менен таанышышты.
Эки күндүк семинар катышуучуларга кино тармагын өнүктүрүүгө жаңы көз караштарды, идеяларды, пландарды, кызыктуу мүмкүнчүлүктөр менен тажрыйбаны тартуулады. |