Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 

XI Форум Молодого кино стран СНГ "Умут" - 2024

 

Сроки и место проведения: 28.03-01.04.24, 2024, Бишкек, Кыргызстан
Организатор: Департамент кинематографии при поддержке МФГС
Заявки для участия фильмов принимаются до 1 марта 2024 года. 
Подробнее ...
 
23.07.2021 00:00

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасмасынын сценарийине сынак жарыялайт

 

Сынактын максаты - кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында патриоттук ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо.

 

Сынак 2 этапта өткөрүлөт:

 

1-этап: 2021-жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабылалынат;

2-этап: 2021-жылдын 15-ноябрына чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан сынактын жеңүүчүсү аныкталат.

 

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Министрлик тарабынан байге фонду каралган. Женүүчүлөр сценарийдин негизинде көркөм фильм тартуу үчүн автордук укуктарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп беришет.

 

Сынакка катышуунун шарттары:

 

1. Комиссиянын кароосуна толук сценардык пакеттик амтыган сынактык билдирме тапшырылышы керек:

     - сынактык билдирме,

     - тасманын сценарийи,

     - автордун резюмеси жана фильмографиясы.

 

2. Көркөм фильмдин сценарийинде оригиналдуу сюжет, сюжеттик багыттардын логикалык жактан өнүгүүсү болуш керек

 

3. Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:

 

     - үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;

     - баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дарыдар мектерди, куралжарактарды пропагандалоо (актоо) сюжеттери;

     - конституциялык түзүлүштүк үчменен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;

      - согушка, зомбулукка жана ырайым сыздыкка чакыруу;

      - улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;

      - улуттук жетектикартык чылыкты жанаса бырсыздыкты үгүттөө; - порнографиялык мазмундагы сценалар;

      - ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.

 

4. Материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде кабыл алынат.

 

5. Сынакка катышуучулар сценардык пакетти кагаз түрүндө 5 нускада жана электрондук форматта тапшырышат. Материалдардын кагаз түрүндөгү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл. 

 

6. Толук сценардык пакет конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болуш керек:

 

     - катышуучунун аты жөнү (толук)

     - электрондук дареги жана телефондору. 

 

Сынактын дареги жана байланыш маалыматтары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу

 

Кинематография департаменти Кыргыз Республикасы,

Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.

Белги: «Жусуп Абдрахманов».

Киносценарийлердин сынагына»

Тел.: 0312301042; 0312300265.