30.03.2021 00:00 |
Республикалык мааракерлик Кинокербен башталат (пресс-релиз)
Кыргыз киносунун жана режиссер Б.Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Кинематография департаментинин Иш-чаралар планынын негизинде 2021-жылдын 1-апрелинен тартып республиканын бардык областтарынын борборлорунда жана Бишкек шаарында Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө кинокербен өз ишин баштайт.
Кинокербен республиканын областтарынын борборлорунда жана бардык кинотеатрларды 1-апрелден тартып улуу режиссер Б.Шамшиевдин 80 жылдыгына карата Б.Шамшиев тарткан тасмаларды жана кыргыз киносунун 80 жылдыгына карата кыргыз режиссерлорунун тасмаларын көрсөтүү менен башталат.
Ошону менен бирге коммерциялык кинотасмалар көрсөтүлгөн учурда, тасманын алдында Кыргыз киносуна жана Б.Шамшиевге арналган видеороликтер ар дайым көрсөтүлүп турат.
Областтар бүткөндөн кийин шаарларда, райондордо жана айылдарда азыркы кырдаалды эске алуу менен тасмалар көрсөтүлүп, чыгармачыл жолугушуулар уюштурулуп турат.
Кинокербен ноябрь айында Бишкек шаарында жыйынтыкталат.
Кино департаменти |