Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 

XI Форум Молодого кино стран СНГ "Умут" - 2024

 

Сроки и место проведения: 28.03-01.04.24, 2024, Бишкек, Кыргызстан
Организатор: Департамент кинематографии при поддержке МФГС
Заявки для участия фильмов принимаются до 1 марта 2024 года. 
Подробнее ...
 
08.06.2020 00:00

Карантин: День за днем - 08.06.2020. В Кыргызстане стартовала Неделя памяти Күлүйпы Кондучаловой

 

В библиотеке им.А.Осмонова состоялось открытие недели «Күлүйпа Кондучалова и кыргызская культура» и открытие выставки, посвященной к 100-летию К.Кондучаловой. В открытии приняли участие заместитель министра культуры, информации и туризма Кайрат Иманалиев, дочь Кондучаловой Ирина Оролбаева, заслуженный деятель культуры КР Мундузбек Тентимишев, директор библиотеки Жылдыз Бакашова. Неделя памяти Күлүйпы Кондучаловой продлится до 15 июня 2020 года.

 

Күлүйпа Кондучалова родилась 15 июня 1920, умерла  7 сентября 2013 - видный советский государственный деятель, министр иностранных дел (1953—1963) и министр культуры Киргизской ССР (1958—1980).

 

 

 

Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты жумалыгы старт алды

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгынын расмий ачылышы жана Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналып даярдалган көргөзмөнүн ачылышы болду.

Ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оролбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев, китепкана директору Жылдыз Бакашова жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

 

 

Жуманын расмий ачылышында Күлүйпа Кондучалованын кыргыз маданиятынын өнүгүп -өсүшүнө кошкон салымы тууралуу айтылып, легендарлуу Маданият министринин басып өткөн жолу жөнүндө токтолушту.

Эске салсак, Маданият министрлиги тарабынан демилгеленген "Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты" жумалыгы 15 -июнга чейин уланат. Анда мамлекеттик жана коомдук ишмердин маданият тармагына жасап кеткен иштери тармактарга бөлүнүп, ар бир күн өзүнчө темага арналып, алар социалдык медиа жана массалык маалымат каражаттары аркылуу берилип турат.

 

 

Жумалыктын алгачкы күнү "Күлүйпа Кондучалова жана улуттук мурас,кыргыз адабияты жана китеп дүйнөсү" темасына арналып, КТРКнын "Маданият. Тарых. Тил" каналы жана министрликтин фейсбуктагы баракчасы аркылуу түз берилди. Көрсөтүүгө Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу Меңди Мамазаирова, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген белгилүү ишмерлер Жумалы Момункулов жана Мундузбек Тентимишов катышышты.

 

Күлүйпа Кондучалованын кызы Ирина Оралбаева

 

 

 

 

 

МКИТ КР