Фестивали: подача заявок

Начинается прием заявок на соискание IX Национальной кинопремии «Ак Илбирс» -2020

 

Национальная кинопремия «Ак Илбирс» - это ежегодная церемония награждения лучших кинематографистов по итогам ушедшего года. «Ак илбирс» вручается в целях признания заслуг и достижений деятелей национального кинематографа, а также стимулирования роста художественного уровня кинематографа страны.  

Подробнее ...
 

Маданият министрлиги тарабынан телесериалдарды өндүрүү боюнча сынак жарыяланды (кырг., рус.)
 
Социалдык маанидеги, мекенди сүйүү, патриоттуулук, улуттук жана үй бүлөлүк салттарды сактоо жана өнүктүрүү, жаш муунду тарбиялоо жана жаш балдарга арналган улуттук телесериалдарды өндүрүү максатында, Т. Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы 2 телесериал тар-тууга сынак жарыялайт. (1 сериал 12 сериядан турат, 1 сериянын узактыгы 40 мүнөт; кыргыз тилинде).
Подробнее ...
 

Начался прием заявок на IV Кинофорум Женщин-Режиссеров Кыргызстана!
 
Крайний срок подачи заявок: 15 февраля 2020 года.
Подробнее ...
 
06.03.2020 00:00

8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен Кинематография департаментинин жалпы мырзалары куттуктайт

 

Урматтуу Кыргыз киносунун кыз-келиндери!

 

Сиздердин бардыгыңыздарды Кинематография Департаменттин мырзалары аялзаттын 8-март майрамыңыздар менен куттуктайт.

 

Сиздердин майрам жылдар тогошуп, жер жүзүнө жан кирип, алгачкы байчечекей гүлдөр карды жиреп чыккан кезге туш келген. Ушунун өзү эле Сиздер канчалык күчтүү, канчалык жигердүү экендигиңиздерди айгинелеп турат.

 

Силер жөн гана күчтүү болбостон, ошондой эле дүйнөдөгү адамзатынын эң ажарлуу өкүлүсүздөр. Кудайдан эле Силерге өтө оор жүк жүктөлгөн, Силер жубайга сүйүктүү жар, балага мээрман эне, коомго ишенимдүү таянычсыңар. Келечекте коомдун куруучуларынан болгон балдарга айткан акыл-насааттарыңыздар, коомдун уюткусу болгон үй-бүлөдөгү ээлеген ордуңар, Ата-Мекенге кылган ак эмгегиңерге баа жеткис.

 

Силерге кааларыбыз ар дайым эр азаматтарды колдоп, аларга сүйүктүү жар гана болбостон, ошондой эле аларды хан кылгыла да, өзүңүздөр ханыша болуңуздар!

 

Акырында, куттуктообузду акындын «Жаздын көркү сени менен башталат,Дүйнө жарык сен бар үчүн аялзат!» деген ыр саптары менен аяктайбыз. Бар болуңуздар, жүзүңүздөрдөн күлкү кетпесин!

 

Кинематография департаментинин мырзалары.