Festivals: call for entries

Reception of applications for Kazan International Muslim Film Festival is still in progress

 

On February 1, submission for the XX Kazan International Muslim Film Festival started. The submission will last till June 1, 2024. The Selection Committee will finish its work by the beginning of July. After this, the official selection will be announced.

Read more...
 

ALTERNATIVA FILM PROJECT call for entries: Development Lab

 

Deadline: 28.04.2024

Bukhara, Almaty and online, June-October 2024

Read more...
 

Kyrgyz Serial: The contest of scripts (2024_kg)
 
Read more...
 
Friday, 31 January 2020 00:00

Muktaly Bektenaliev: His speech on the collegium of the Culture ministry
 
Date & time: 31.01.2020, 10.00 - 12.30
Place: Kyrgyz National philharmonic
 
 
 
 
 

Урматтуу министр, коллегия мүчөлөрү, кесиптештер!

 

Кинематография Департаменти 2019-жыл ичинде бир топ иш чараларды өткөрүүгө жана иш пландарды  аткарууга жетишти. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн, Министрликтин, Департаменттин жана аймактарды өнүктүрүү, санариптөө жылына карата бекитилген иш-чаралар жалпысынан аткарылды. Негизгилерине кыскача токтолоюн. (Кеңири слайдда берилип турат).

Жогорку Кенештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 24-июнундагы жыйынында “Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө”  мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары” каралып, чечим кабыл алынып, аткаруу боюнча иш жүргүзүлүүдө.

“Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы аудиовизуалдык продукцияны биргеликте өндүрүү тууралуу макулдашуусунун  долбоорун жактыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-июнундагы № 217-Р буйругу кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүктү өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында жайгашкан “Кызыл Кыргызстан” кинотеатрын реконструкциялоо, кайра куруу иштери башталды.

Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын 2019-жылдын  тематикалык жана өндүрүш планына киргизилген тасмалар өндүрүлдү.

С.Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган республикалык кинокербен уюштурулуп, С.Чокморовдун катышуусундагы көркөм тасмалар көрсөтүлдү.

Мындан тышкары Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө көрүнүктүү кино ишмерлер Д.Садырбаевдин, С.Чокморовдун, Д.Күйүкованын жана Т.Турсунбаеванын эскерүү кечелери өткөрүлдү.

Кинематография департаменти тарабынан түрк, иран, өзбек, европалык, россиялык, кореялык, польшалык, румын тасмаларынын күндөрү өткөрүлдү.

 Эл аралык байланыштарды өнүктүрүү максатында “Ак Илбирс” улуттук киносыйлыгын  тапшыруу аземи, “Үмүт” КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VII форуму, “Карек” өспүрүмдөр кинофестивалы, “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” эл аралык кинофестивалдары өткөрүлдү.

Садык Шер-Нияз негиздеген Лос-Анджелестеги Дүйнөлүк Азия кинофестивалында улуттук тасмалар көрсөтүлүп, байгелүү орундарга ээ болуп келүүдө.

2018-2019-жылдары тартылган “Дарак ыры” (А.Дайырбеков), “Аврора” (Б.Пирматов), “Жөө күлүк” (М.Абдыкалыков), “Кош бол” (Ж.Карашов), “Менин досум – менин душманым” (С.Сулайманова), “Шаман” (М.Жалилов), “Жашоо керемет” (А.Шаршенов),  “Мугалим” (И.Ажыбаев), “51+” (Д.Абиров) Улуттук тасмалары эл аралык фестивалдардын жеңүүчүлөрү болушту.

Аймактарда кинотармагынын өнүгүүсүнө, калкты кино менен тейлөөнү жакшыртууга басым жасалууда. Департаментке караштуу мекемелердин электрондук базасы түзүлүп, иш алып барылууда.

Аймактар менен шаардагы мамлекеттик, ижарадагы мамлекеттик жана жеке менчик кинотеатрлардын жалпы дүн чогултуу көлөмү 458 025,5 сомду түзсө,                178 254 сеанс коюлуп,  2 687,8 көрүүчү киного кирди.

2019-жылы  Ат-Башы районундагы “Чатыр-Көл” кинотеатрынын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине  республикалык бюджеттен 7,6 млн. сом бөлүнүп берилип, оңдоп-түзөөдөн  өткөрүлүп, ишке берилди.

2019-жылы Кочкор районундагы “Чолпон”  кинотеатрын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен 15 млн. сом бөлүнүп, оңдоо иштери жүрүүдө. Сметасы 17 млн 303 752 сом.

Жыл ичинде мамлекеттик каттодон  324 тасма өткөрүлдү. Алардын ичинен 29 улуттук жана  296 чет өлкөлүк тасмалар катталды. Ошондой эле жыл ичинде Бишкек шаары жана аймактар боюнча 11 жаңы кино түйүн каттоодон өткөрүлдү.

Кыскача  көйгөйлөрдү айта кетсем:

-  Каржылоо маселеси, тиешелүү бюджеттен иш жүзүндө 30-40% гана бөлүнүүдө;

- техникалык каражаттардын эскилиги, павильондордун жоктугу, киностудиянын МТБ сапатынын төмөндүгү;

-   анимациялык тасмаларды жаратууга керектүү жабдыктардын жана кесипкөй адистердин жетишсиздиги;

- аймактарда жайгашкан 33 кинотеатрдын ичинен беш кинотеатр оор авариялык абалда. Алар: Өзгөндѳгү “Айчүрөк”, Кара-Бурадагы “Семетей”, Чаектеги “Соң-Көл”, Сокулуктагы “Кыял”, Жети-Өгүздөгү “Салтанат”  кинотеатрлары;

- кино көрсөтүү техникалык каражаттарынын, көчүп жүрүүчү  авто кино түйүндөрүнүн аздыгы.

Эми алдыга койгон максаттар жана милдеттер:

“Акыркы көч” (Б.Мукул, Д.Жапар уулу), “Табылга” (Т.Бирназаров)  толук метраждуу көркөм тасмалары тартылып бүтүп, монтаждык-тонировкалоо иштери жүрүүдө. 

 “Апрель революциясына 10 жыл” (Б.Карагулов) даректүү тасмасынын, “Эрмен жыты” (А.Дайырбеков), “Жалгыз карагай” (Д.Тилепбергенова), “Эсимде”(А.Арым-Кубат)  толук метраждуу көркөм тасмаларынын өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Т.Океев атындагы Улуттук киностудиясынын 2020-жылдын тематикалык жана өндүрүш планына Г.Базаровдун “Маараке” толук метраждуу  көркөм тасмасы,  социалдык тематикадагы толук жана кыска метраждуу көркөм, даректүү тасмаларды өндүрүү, сериалдарды тартуу боюнча иш-чаралар киргизилди.

Жаш режиссерлор арасындаУлуттук көркөм тасмаларды жаратуу үчүн эң мыкты кино долбоорлорго жарыяланган сынакта социалдык мааниге ээ болгон, таланттуу жаштардын кино өнөрүндө изденүүсүнө түрткү берген, ошону менен бирге балдарга, өспүрүмдөргө арналган тасмалардын өнүүгүсүнө көмөк көрсөткөн 11 кино долбоорлор тандалып алынды. Тандалып алынган тасмалардын ичинен 6 кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмаларынын өндүрүшү каржыланды жана 2020-жылдын башынан өндүрүш иштери башталды.

Улуттук тасмаларды республиканын аймактарында жүгүртүүнү көбөйтүү, Эл аралык кинофестивалдарга катышууга көмөк көрсөтүү максатында  Департаментке караштуу мекемелерди оптималдаштыруу  кыскартуу жолу аркылуу “Кыргыз кино тасмасы” дистрибьютердик борборду түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Аймактарга өзгөчө көңүл бөлүнүп жер-жерлердеги кинотеатрларды оңдоп-түзөө, заманбап видеопроекциондук жабдык менен камсыздоо, кыргыз киносунун алтын фондусунан тематикалык тасмалар санариптелип, нускалоо жана элге тартуулоо, кинокербендерди, чыгармачылык жолугушууларды уюштуруу, санариптештирүү боюнча иш алып баруудабыз.

Мындан тышкары Департамент негизги милдеттерине ылайык көркөм, даректүү жана анимациялык тасмаларды өндүрүү; калкты кино менен тейлөө; материалдык-техникалык базаны чыңдоо, эл аралык иш-чараларды уюштуруу; эл аралык кинофестивалдарга катышуу, аларды уюштуруу, жаш кинематографисттерге колдоо көрсөтүү жана о.э. өлкөнүн өнүгүү Улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программа жана иш планында, Министрликтин, Департаменттин иш пландарындагы бекитилген иш-чараларды аткаруунун үстүндө иш алып барат.

Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң рахмат.