Фестивали: подача заявок

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана” (ru, kg)

 

ОФ “Творческих женщин Азии” начинает прием заявок короткометражных игровых и документальных фильмов для участия в “ VI Кинофоруме женщин – режиссеров Кыргызстана”.

Подробнее ...
 

XI Форум Молодого кино стран СНГ "Умут" - 2024

 

Сроки и место проведения: 28.03-01.04.24, 2024, Бишкек, Кыргызстан
Организатор: Департамент кинематографии при поддержке МФГС
Заявки для участия фильмов принимаются до 1 марта 2024 года. 
Подробнее ...
 
23.12.2019 00:00

Болотбек Төлөнович Шамшиев Некролог (кырг.)
 

Кыргызстандын маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. 2019-жылдын 21-декабрында “кыргыз кино кереметин” негиздөөчүлөрдүн бири, белгилүү кинорежиссер, СССРдин эл артисти (1991), Кыргыз ССРинин эл артисти (1973), Кыргызстандын Ленин комсомол сыйлыгынын (1969) жана СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты – Болотбек Төлөнович Шамшиев 79 жаш курагында каза болду.

 

Шамшиев Болотбек Төлөнович 1941-жылы 12-январда Кыргыз Республдикасынын Фрунзе шаарында (азыркы Бишкек ш.) кыргыз адабиятынын патриархы, белгилүү акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы – Авина Мурзаходжаева белгилүү врач, медицина илимдеринин кандидаты болгон.

 

1959-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кинематографиянын бүткүл союздук мамлекеттик институтуна (КБМИ, Москва) тапшырган. Студент кезинде эле Ч.Айтматовдун”Ботокөз булак” повестин экрандаштырылган Л.Шепитьконун “Аптап” тасмасында башкы ролдо ойноп, кинодо ийгиликтүү дебют кылган.

 

Шамшиев КБМИту 1964-жылы бүткөн. Шамшиевдитн дипломдук иши – “Манас” баатырдык эпосунун улуу айтуучусу – Саякбай Каралаевге арналган “Манасчы” илимий-популярдуу тасмасы ( 1965)болгон. Дүйнө жүзүндөгү эксперттерди жаш режиссердун чоң баштапкы материалды автордук идеяга ылайыкташтырып жарата билүүсү таң калтырган. 1965-жылы “Манасчы” тасмасы Оберхаузен немец шаарындагы Эл аралык кинофестивалдын башкы сыйлыгына ээ болгон.

 

Шамшиев “Манасчыдан” кийин “Чабан” даректүү тасмасын (1966) тарткан. Кайрадан режиссердун көңүл борборунда – өзгөчө адам – Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты, БК ВЛКСМдин мүчөсү Рахматалы Сартбаев …

 

«Манасчы» жана «Чабандагы» тажрыйбасы Шамшиевге сюжеттин негиз кылып алынган шарты борбордогу каармандын феноменалдуулугу болуш керек деген оюн бекемдеген. Мына ушунусу андан кийин “Караш-Караш окуясы” Бактыгулдун (1968) жана “Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы” Карабалтанын (1971) образдарын жаратууга алып келген.

 

“Караш-Караш окуясы” ак-кара кызыксыз тасмасындагы өтө жупуну техникалык мүмкүнчүлүктөрдө да жакырчылыкта жашаган эн сонун, асыл адамдын бийликте тургандардын жана арам тамактардын өзүнүн семиз, жырткычтык пастыгы, кошоматчылыгы жана чыккынчылыгы менен кагылышы абдан чоң панораманын пластикалык эффектине жетишкен.  Кубаттуу тоолордун, сырдуу ашуулардын, өтө коркунучтуу жарлардын, кооптуу капчыгайлардын космостук, ааламдык пейзаж сыяктуу фонунда – каармандын келбети чындыгында чон тамга менен, өтө жагымдуу эркектик сулуулук.

 

Бактыгул аркылуу Шамшиев өзүнүн иллюзиялары менен азаптуу түрдө кыйналып ажырашкан элди окшотуп көрсөткөн. Бирок бул образдын жалпылыгы анын конкреттүү, жекелик негизинен ажырагыс болгон. Ал  окуялардын драматургиясынан, ачык жана бири-бирине каршы келе турган инсан, Жарасбай менен болгон мамилелеринин диалектикасынан  жаралган.

 

Советтер Союзундагы “Караш-Караш куясы” тасмасынын абдан чоң ийгилигинде, анын кийинки тасмасы – “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” (1971) тасмасы чыккандан кийин Батышта Болот Шамшиевге кызыгышкан.

 

“Ак кеме”(1975) – режиссер Шамшиевдин биздин улуттук кинематографиянын дүйнөлүк киного маанилүү салым кошкон, ири чыгармачылык жетишүүсү. “Ак кеме”  1976-жылы Фрунзедеги IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге, кийинки жылы – Трентодогу (Италия) ЭКФ сыйлыгына, ошондой эле СССРдин мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.  Тасмада Ч.Айтматовдун повестинин философиялык мааниси ачылып, каардуу турмуштук чындык жана улуу поэзиянын таң калаарлык кошундусу берилген.  

 

Кырк беш жыл мурун, Шамшиев “Ак кеме” кинотасмасын тартып жатканда, ал “искусстводогу эң башкы теманы – адам жана курчап турган чөйрө жөнүндө, сулуулук жөнүндө жана мына ушул сулуулукту кантип жөн эле өлтүрүп коюу, адам жөн эле кантип жырткычка айланып кете тургандыгы, дүйнөдөгү тең салмактуулукту жана гармонияны кантип жөн гана бузуп коюу жөнүндө айтуу  мүмкүнчүлүгү”  сценарийдик идеясы аны өзүнө тарткандыгын айткан.

 

“Эрте жазда келген турналар” (1979) тасмасы  дагы Болот Шамшиевдин чыгармачылык биографиясында көрүнүктүүсү. Бул – поэтикалык кинематографка алгачкы ачык кайрылуусу. Режиссер бул тасмасы аркылуу  анын чыгармачылык диапазону канчалык кеңири экенин далилдеген.

 

Айтматовдун повестинин бул экрандаштыруусу тылдын адамдарына арналган, алардын өз жанын аябаган жана баатырдык эмгеги, өспүрүмдүн сезиминин жана дүйнө таанымынын жогорку чеги жөнүндө, революциялык салтка аталардын жана балдардын берилгендиги жөнүндө. 

 

 «Бөрү зындан» (1983) – советтик прокаттагы эң кассалуу тасмалардын бир. Бул – кылмыш дүйнөсү жөнүндөгү анык аңгеме. Мында катышкандардын баардыгынын адеп-ахлактык жакырдануусу ачык берилген. Убакыттын көп бөлүгүндө тасманын башкы каармандары менен байланышкан окуяларды кылдат изилдөө, өз доорунун көп катмарын көтөрүп жатып, жамандыктын тамырын көп тараптуу ачуу үчүн мумкүнчүлүк берген. «Бөрү зындан» көрүүчүгө жетишээрлик эмоционалдуу таасир берет жана аны терең ойлонууга мүмкүндүк берет.

 

 1985-жылыШамшиев Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдогуловага арналган “Снайперлер” тасмасын тартуу үчүн “Казахфильмге” чакырылган.

 

Болотбек Шамшиев 90-жылдары “Салам-Алик” киностудиясын түзүп, спорттун элдик түрүнө, оюндарга, мелдештерге көп күч жумшаган, “Манас” эпосунун миң жылдык мааракеси белгиленгенде 1995-жылдагы эсте калаарлык күндөрдө көргөн абдан чоң театралдаштырылган оюндун башкы режиссеру болгон. Майрамдан кийин режиссер тартылган материалды ондоп, жыйынтыгында биз көлөмдүү эпостун мазмуну өтө батымдуу берилген урпактар үчүн эң сонун кинодокументти алдык.1990-жылдары Болотбек Төлөнович дипломатиялык кызматта да болгон.

 

Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы, маданияттын жана искусствонун ишмерлери, Кыргызстандын эли кинорежиссер Болотбек Төлөнович Шамшиевдин жаркын элесин өзүнүн  эсинде сактайт.  

 

Анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус жоготуудагы кайгысын тең болүшобүз.

 

Кыргызстандын кино коомчулугу