Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
Kyrgyz Cinema
"Кыргызфильм" киносценарийлерге жаңы сынак жарыялады

"Кыргызфильм" киносценарийлерге жаңы сынак жарыялады
 

Урматтуу кинодраматургдар, режиссёрлор жана киносценаристтер

 

Төлөмүш Океев атындагы Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын редакциясы 2015-жылга карата Ойномо (көркөм)жана Даректүү кинолорго, киносценарийлерди кабыл алат.

 

Киносценарийлер төмөндөгүдөй эреже менен кабыл алынат:

 

1.  Синопсис (Сценарийдин мааниси жана кыскача окуясы), 1-2 барак.

2. Тритмент (Сценарийдин окуяларынын кеңири түшүндүрмөсү, 6-7 барак.

 

Даректүү кинолорго:

Даректүү кинолорго билдирмелер кабыл алынат(Тема. Актуулдуулугу. Эмне жөнүндө? Көтөрүлгөн көйгөй?), 1-2 барак.

 

Эскертүү:(Аңгеме, повесть, поэма жана башка форматтагы чыгармалар кабыл алынбайт).

 

Сценарийлерди кабыл алуу форматынын үлгүсү:

Жалпы көрүнүшү:

1. Титулдук баракчадан кийин, сценарийдин тексти кетет. «Каармандар жөнүндө маалымат, тартуучу топко каалоо-тилектерди калтырууга, мазмуну, автордун укуктук негиздери, иллюстрация жана автобиография болбошу керек».

2.  Сценарий УЧУР ЧАКТА ГАНА жазылышы керек. Эч кандай: «Көргөн. Турган. Айткан» деген болбойт. Туурасы: «Көрүп турат. Турат. Айтып жатат».

3. Сценарий эч качан биринчи жактан жазылбайт. ДАЙЫМА үчүнчү жактан жазылуусу шарт. Эч кандай: «Мен көрүп турам, карап турам» болбойт. Туурасы: «Ал карап турат».

4. Беттердин кезеги 1,25 см барактын үстүңкү оң жак бурчунда жайгашуусу зарыл. Беттерге номер коюу титулдук барактан эмес, сценарий башталган барактан башталат.

 

Форматтоонун кыскача түшүндүрмөсү

1.  Шрифт: Courier New

2.  Шрифттин көлөмү: 12

3. Түздөө: сол тарапка карай түздөлөт

4. Калың шрифт, курсив жана асты сызылганшрифттер (ремарка, же болбосо кайсы бир маанилүү жерин белгилегенде да)эч качан пайдаланылбайт.

5.  Беттин үстү жагынан – 2,5 см, Төмөн жагынан – 1,25 см, Сол жагынан – 3,75 см, Оң жагынан – 2,5 см бош калып, калган жери өзгөрүүсүз калат.

6.  «Каармандын аты» блогунун «Абзацы»: Сол жактан – 6,75 см болуусу шарт. Калган жери өзгөрүүсүз калат.

7. «Каармандын репликасы» блогунун «Абзацы»: Сол жактан – 3,75 см, Оң жактан – 3,75 см. Калган жери өзгөрүүсүз калат.

8. «Ремарка» блогунун «Абзацы»: Сол жактан – 5,5 см, Оң жактан – 4,5 см. Калган жери өзгөрүүсүз калат.

 

Сценарий «Кыргызфильм» киностудиясынын редакциясына берилиши керек.

 

Маалымат алуу үчүн:

Үсөнов Токтобек: 0556076603