Фестивали: подача заявок

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 38 МКФ в Дрездене, Германия

 

Открыт приём заявок на 38-ой Международный фестиваль короткометражных фильмов в Дрездене открыт. Он пройдёт с 14 по 19 апреля 2026 года. Заявки принимаются до 1 декабря 2025 года. Условия описаны ниже. Принимайте участие и передавайте информацию всем заинтересованным!

Подробнее ...
 

Заявляйте Ваши фильмы к участию на 43 МКФ Фажр, Иран

 

Организаторы 43 МКФ Фажр в Тегеране объявили о приёме заявок. Этот фестиваль пройдёт с 26 ноября по 3 декабря в столице Ирана - Тегеране.

Подробнее ...
 

Фестиваль независимого кино в Лондоне SIFFA 2025: ищет программного директора!

 

В этом году Фестиваль независимого кино в Лондоне SIFFA празднует 10-летний юбилей. Фестиваль пройдёт в самом сердце Лондона - в престижном Piccadilly Vue Cinema. Европейские звёзды и режиссеры окунутся в магическую атмосферу канун Рождества.

Подробнее ...
 
09.10.2013 00:00

"Кыргызфильм" киносценарийлерге жаңы сынак жарыялады
 

Урматтуу кинодраматургдар, режиссёрлор жана киносценаристтер!

 

Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясынын редакциясы Ойномо (көркөм) жана Далил (даректүү) кинолорго, киносценарийлерди кабыл алат.

 

Киносценарийлер төмөндөгүдөй эреже менен кабыл алынат:

 

1.  Синопсис (Сценарийдин мааниси жана кыскача окуясы), 1-2 барак.

2.  Тритмент (Сценарийдин окуяларынын кеңири түшүндүрмөсү, 6-7 барак. 

 

Далил (даректүү) кинолорго:

Далил кинолорго билдирмелер кабыл алынат (Тема. Актуулдуулугу. Эмне жөнүндө? Көтөрүлгөн көйгөй?),

1-2 барак.

Эскертүү: (Аңгеме, повесть, поэма жана башка форматтагы чыгармалар кабыл алынбайт).

 

Сценарийлерди кабыл алуу форматынын үлгүсү:

  

      Жалпы көрүнүшү:

1.      Титулдук баракчадан кийин, сценарийдин тексти кетет. «Каармандар жөнүндө маалымат, тартуучу топко каалоо-тилектерди калтырууга, мазмуну, автордун укуктук негиздери, иллюстрация жана автобиография болбошу керек».

2.      Сценарий УЧУР ЧАКТА ГАНА жазылышы керек. Эч кандай: «Көргөн. Турган. Айткан» деген болбойт. Туурасы: «Көрүп турат. Турат. Айтып жатат».

3.      Сценарий эч качан биринчи жактан жазылбайт. ДАЙЫМА үчүнчү жактан жазылуусу шарт. Эч кандай: «Мен көрүп турам, карап турам» болбойт. Туурасы: «Ал карап турат».

4.      Беттердин кезеги 1,25 см барактын үстүңкү оң жак бурчунда жайгашуусу зарыл. Беттерге номер коюу титулдук барактан эмес, сценарий башталган барактан башталат.

 

Форматтоонун кыскача түшүндүрмөсү:  

1.  Шрифт: Courier New

2.  Шрифттин көлөмү: 12

3.  Түздөө: сол тарапка карай түздөлөт

4. Калың шрифт, курсив жана асты сызылган шрифттер (ремарка, же болбосо кайсы бир маанилүү жерин белгилегенде да) эч качан пайдаланылбайт.

5. Беттин үстү жагынан – 2,5 см, Төмөн жагынан – 1,25 см, Сол жагынан – 3,75 см, Оң жагынан – 2,5 см бош калып, калган жери өзгөрүүсүз калат.

6.  «Каармандын аты» блогунун «Абзацы»: Сол жактан – 6,75 см болуусу шарт. Калган жери өзгөрүүсүз калат.

7.  «Каармандын репликасы» блогунун «Абзацы»: Сол жактан – 3,75 см, Оң жактан – 3,75 см. Калган жери өзгөрүүсүз калат.

8.  «Ремарка» блогунун «Абзацы»: Сол жактан – 5,5 см, Оң жактан – 4,5 см. Калган жери өзгөрүүсүз калат.

  

 Маалымат алуу үчүн:

Турдубекова Элеонора: 0555900869, 0771571524

Үсөнов Токтобек: 0556076603

 

 Сценарий «Кыргызфильм» киностудиясынын кабылдамасына берилиши керек.

  

 Маалымат алуу үчүн:

Турдубекова Элеонора: 0555900869, 0771571524

Үсөнов Токтобек: 0556076603

 

 Сценарий «Кыргызфильм» киностудиясынын кабылдамасына берилиши керек.