Фестивали: подача заявок

Казанский МКФ мусульманского кино продолжает приём заявок

 

1 февраля стартовала заявочная кампания XX Казанского международного фестиваля мусульманского кино. Сбор заявок продлится до 1 июня 2024 года. Отборочная комиссия закончит свою работу к началу июля. После будет обнародована конкурсная программа.

Подробнее ...
 

Продолжается прием заявок к участию в лаборатории Development Lab проекта Alternativa Film Project до 28 апреля 2024 года

 

Бухара, Алматы и online, Июнь-Октябрь 2024

Подробнее ...
 

“Кыргызсериал” сценарийлер сынагын жарыялайт
 

2025-жылга карата, төмөндөгү тематикага ылайык келген  сериалдардын сценарийлерине  сынак жарыялайт.

Подробнее ...
 
23.05.2022 00:00

26-27-28-май күндөрү борбор калаабыз Бишкекте «Кыргызстан айым-режиссерлорунун IV Кинофоруму» болот

 

Бул жылы иш-чара“Швейцария өкмөтүнүн” каржылык колдоосу мененөтөт. Кинофорум жылдан жылга кулачын жайып кеңейүүдө жана эл аралык денгээлге чыгып, коңшу мамлекеттерден коноктор чакырылып жатат. Бул жылы да чет мамлекеттерден белгилүү режиссерлордун келээри күтүлүүдө.

 

Кинофорум 3 күнгө созулат:

 

Биринчи күнү:

 

Дата: 26.05.2022

 

Өтө турчу жери: Бишкек шаары, “Манас” кинотеатры

 

11.00-11.40 Жашыл килем

 

12.00-14.0Салтанаттуу ачылыш аземи

 

Кино көрүү: “Салам, жайлоо”

 

Кинофорумдун ачылыш аземинде белгилүү айым-режиссер Клара Юсупжанованын “Салам, жайлоо” көркөм тасмасы көрсөтүлөт. Клара Юсупжанова – 1940–жылы 29 декабрда кызматкердин үйбүлөсүндө туулган. Юсупжанованын режиссёрлук карьерасы 1971–жылы «Кыргызфильм» киностудиясына кинохроника режиссеру болуп келгенден башталат. “Салам, жайлоо” тасмасын режиссер 1977 – жылы  тарткан. Тасмада алыскы жайлоодогу малчылар менен чабандардын турмушу жана алардын татаал кесиби баяндалат.

 

Дискуссиялык клуб

 

Өтө турчу жери: Бишкек шаары, Ч. Айтматов атындагы Кино үйү

16.00-18.00 Тема: “Дүйнө айымдардын көз карашы менен”

Спикерлер: Кыргызстандын киноиндустриясындагы алдыңкы айымдар: Төлөйкан Исмаилова, Гульмира Керимова, ГульбараТөлөмүшова, Дальмира Тилепбергенова

 

Экинчи күн:

 

Дата: 27.05.2022

Өтө турчу жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатры

Кино көрсөтүү 14 тасма көрсөтүлөткинофорумдун катышуучуларынын тасмалары тартууланат. Тасмалар көрсөтүлгөн сон, режиссерлор менен көрүүчүлөр арасында суроо-жооп болмокчу.

 

Үчүнчү күн

 

Дата: 28.05.2022

Өтө турчу жери: Бишкек шаары,Ч. Айтматов атындагы Кино үйү

 

10.00-12.00 Галина жана Анна Евтушенколордун биргеликте мастер-классы:

 

"Предметтик чөйрө документалдык фильмдин каарманы катары: каражат же толуккандуу персонаж?"

 

14.00-16.00 Анна Евтушенконун мастер-классы "Фильм котормосу: принциптер, кыйынчылыктар, техника". Котормочунун жеке тажрыйбасынан.

 

Галина Михайловна Евтушенко – сценарист, режиссер, продюсер«РОЗА» киностудиясында сценарист жана

кинорежиссер. Абройлуу«НИКА» жана «Алтын бүркүт» киносыйлыктарынын лауреаты. Бир нечежолу Эл аралык кинофестивальдардын калыстар тобуна мүчө болгон. 2000 жылдантартып, РГГУ нун технотронндук архивдер менен документтер кафедрасында сабакберген. Учурда Москва мамлекеттик маданият институтунун теле-кино жана фотоискусство кафедрасынын профессору.

 

Анна Михайловна Евтушенко - сценарист, режиссер, котормочу. Россиянын мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, «Радикал», «РОЗА» киностудияларында иштеген. РФнын кинематографистер уюмунун, Эл аралык ИКОМ музейлер кеңешинин мүчөсү. Фулбрайт программасынын бүтүрүүчүсү. Эл аралык «Евразия көпүрөсү» кинофестивалынын калыстар тобунун мүчөсү.

 

Өтө турчу жери: Бишкек шаары, «Манас» кинотеатр

 

18:00 – 19:20 Кинофорумдун салтанаттуу жабылышы

 

 

 

«Азия Чыгармачыл Айымдарынын» коомдук фонду 16-ноябрь 2013-жылы Асель Жураева жана Айгерим Бирназарова тарабынан түзүлгөн. Фонд   Азия чөлкөмүндөгү чыгармачыл айымдарды колдоо, алардын ар кандай идеяларын, чыгармаларын, долбоорлорун иш жүзүнө ашырууга жардам берүү жана Азия чыгармачыл айымдарын дүйнө жүзүнө таанытуу.

 

«Азия Чыгармачыл Айымдарынын» коомдук фонду “Кыргызфильм”, “Tazar Cinema Company”кинокомпаниялары жана аялдардын укугун коргогон уюмдар менен тыгыз кызматташып келет. Мындан сырткары Фонд бүгүнкү күнгө чейин 25тен ашуун  режиссерлордун тасмаларын тартууга көмөк көрсөттү. “Азия чыгармачыл айымдарыны” коомдук фонду тарабынан тартылган тасмаларды  Эл аралык фестивалдарга да  жиберет.

 

 Кошумча суроолор боюнча 0705931323 номерине кайрылсаныздар болот!

 Сауле Муканбетова “Кыргызстан айым-режиссерлорунун IVКинофорумунун” менеджери!